Бишкек эл аралык кинофестивалында "Курак" тасмасын көрсөтүүгө уруксат берилген жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан эл аралык кинофестивалда 11-июнга белгиленген "Курак" тасмасынын атайын көрсөтүлүшү жана улуттук премьерасы жокко чыгарылды.

Буга Мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүүдөн расмий баш тартылганы себеп болгонун кинофестивалдын дирекциясы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка ылайык, кинофестивалдын дирекциясына 9-июнда "Кыргызтасмасы" киноборборунун директору Улукбек Бегалы уулунун колу коюлган расмий билдирме жиберилген. Анда тасмага Мамлекеттик каттоо күбөлүгүн бербөө чечими эксперттик баалоонун жыйынтыгына ылайык кабыл алынганы айтылган.

"Бул документсиз өлкө аймагында тасманы эл алдында көрсөтүүгө мыйзам жол бербейт",- деп жазылган маалыматта.

Тасманын улуттук премьерасын көрсөтүүгө уруксат берилбегени боюнча "Кыргызтасмасы" киноборбору комментарий бере элек.

"Курак" тасмасынын режиссёрлору - Эрке Жумакматова жана Эмил Атагелдиев.

Кинофестивалдын дирекциясы өз маалыматында аталган тасма Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынганы менен дүйнөлүк кинематография коомчулугунда кеңири таанымал экенин, абройлуу эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар жогорку сыйлыктарга ээ болгонун белгилеген.

Мындан тышкары тасманын премьерасы Түндүк Америка, Европа, Түштүк Америка жана Азия өлкөлөрүндөгү кинофестивалдарда көрсөтүлгөн.

"Көркөм тасма чыныгы окуяларга негизделген социалдык драма. Тасманын сюжети заманбап патриархалдык коомдун шартында аялдардын укуксуздугун жана аялуулугун баяндаган, бири-бири менен тыгыз байланышкан бир нече окуялардан турат. Тасманын авторлору үй-бүлөлүк зомбулук, аялдардын укуктарын системалуу түрдө басмырлоо, радикалдуу идеологиялардын басымы, ошондой эле кылмыштын курмандыктарын коргоо маселелериндеги сот системасынын кемчиликтери сыяктуу курч жана оор темаларды көтөрүшөт", - деп билдирди кинофестивалдын дирекциясы.

Борбор калаада 7-июндан бери IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүп жатат. Анын алкагында Борбор Азия жана чет элдик режиссерлор тарткан тасмалардын сынагы өтөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы ачкачылык жарыяладыБишкекте катуу шамалда дарак кулаганда 23 жаштагы кыз жабыркады “75чилердин иши”: Узакбаевдин кан басымы көтөрүлүп “Тез жардам” чакыртылдыБалдардын майыптыгын аныктоо ишиндеги көйгөй парламентте көтөрүлдүАла-Арча паркына кирүү акысы кымбаттадыФранция сүрөтчү Петр Павленскийди качкын макамынан ажыратууну көздөп жатат