Шаардык сот мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевдин кызын камакта калтырды

Мээрим Узакбаева Бишкек шаардык сотундагы отурумда. 12-июнь, 2026-жыл.

12-июнда Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы Мээрим Узакбаеваны 26-июлга чейин камакта калтыруу тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Мээрим Узакбаеванын жакындары анын үч кызы бар экенин, тергөө абагында негизсиз кармалып турганын айтышты.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 20-мартта кармалып, камакка алынган.

Шектүүгө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасын имараттары жана жерлери менен жалпы 9 гектар, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү “Баят” базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган.

Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы. Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл дагы 30 жылга кесилдиМамлекеттик реабилитациялык борборлор 14 жаштан улуу балдарды тейлебей турганы айтылды"Бугу эне" фонду Караколдогу зоопаркта адамдар ак кууну таш менен чаап өлтүргөнүн билдирдиАутизмден жабыркаган балдардын саны өсүп жатканы маалымдалдыКайрымдуулук үчүн акчаны жеке эсепке чогултууга тыюу салуу сунушталуудаСот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон алты адамды камакта калтырдыАдал индустриясынын талаптарын бузгандарга айып салынат