IT чөйрөсүндө иштегендер, блогерлер беш жылга салыктан бошотулду

Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.

IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулат.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.

Мындан тышкары, жогоруда сөз болгон тармакта иштегендер үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5%, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% деп белгиленет.

Мамлекеттик салык кызматы бул Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берерин кабарлады.

Мекеме жеңилдетилген салык режими ишкерлерге бизнести өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам бере турганын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Дүйнөдө аба ырайын кескин өзгөртө турган Эл-Ниньо кубулушу башталдыТаиланд падышасынын төрт жыл комада жаткан тун кызы көз жумдуКыргызстан–Грузия кызматташтыгы боюнча бир нече документке кол коюлдуШаардык сот мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевдин кызын камакта калтырдыТүштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл дагы 30 жылга кесилдиМамлекеттик реабилитациялык борборлор 14 жаштан улуу балдарды тейлебей турганы айтылдыКайрымдуулук үчүн акчаны жеке эсепке чогултууга тыюу салуу сунушталуудаСот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон алты адамды камакта калтырды