18 жашында согушта курман болгон орусиялыктар 200гө чамалады

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы баштаган.

Украинага каршы согуш башталгандан бери майданда каза болгон орус аскерлеринин такталган саны 226 миңден ашты, алардын арасынан кеминде 200ү 18 жаштагылар. Бул тууралуу Би-би-синин, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу жүргүзгөн иликтөөдө айтылат.

Быйыл 1-майда фронтто 18 жаштагы Алишер Свирин каза тапты, ал 2008-жылы туулгандардын арасынан согушта набыт болгондугу тастыкталгандардын алгачкысы. Орус бийлиги коңшусу Украинага кол салган учурда ал 14 жаштагы бала болчу.

Свирин фронтко качан кеткени журналисттерге белгисиз, бирок фронтто үч айдан ашык болбогону анык.

Өлүмү тастыкталгандардын эң көбү ыктыярчылар. Алар дээрлик 83 миң, келишимдик негизде жөнөгөндөр 46 миң, камакта жаткан жеринен согушка аттангандар 25,5 миң жана мобилизация болгондор 19 миңдей.

Дагы караңыз

АКШ менен Иран ортосунда мунаса дээрлик табылганы маалымдалдыАктивист Мавлян Аскарбеков кармалганы кабарлануудаЕвропа мигранттарды Борбор Азияга жөнөтөбү?Орус илимпозу Назаровдун Борбор Азия тууралуу эмгеги кыргыз тилине которулду