Бишкек мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева менен жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча орун басары Азамат Кадыров башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Мэриянын маалымдашынча, Виктория Мозгачеванын ордуна мэрдин социалдык маселелер боюнча убактылуу орун басары болуп Рахат Мусаева дайындалды. Ал эми Азамат Кадыровдун ордуна мэрдин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча убактылуу орун басарлыгына Муратбек Атай келди.
Булардын тышкары Билим берүү департаментинин башчысы алмашты, мэрдин буйругу менен Жаныбек Орозалиев билим берүү департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
Айрым маалымат каражаттары Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарларына карата кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатканын, орун басарлар убактылуу кызматынан четтетилгенин жазып чыгышты. Мэрия бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Бишкек мэринин беш орун басары бар.
Вице-мэр Виктория Мозгачевага буга чейин 1-июндагы Балдар майрамын уюштурууда кетирилген мүчүлүштүк үчүн катуу сөгүш берилгени кабарланган. Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш жарыяланып, ал эми маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынган.(ZKo)