Кыргыз-тажик чек арасынан мал айдап өтүүгө бөгөт коюлду

Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

16-июнга караган түндө саат 00:30да кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстандан Тажикстанга 17 баш бодо мал айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду. Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, окуя Баткен районундагы Курук-Сай айылында болгон.

"Саат 00:30 ченде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанды көздөй мал айдап өтүүгө аракет кылган эки адамды байкашкан. Алар алдын ала мамлекеттик чек аранын зым тосмосун кесип, 17 баш бодо малды ошол жерден айдап өтүүгө аракет кылышкан. Чек арачылардын эскертүүсүнө баш ийбей, аракетин уланткан кезде наряддын улук жоокери мыйзам чегинде эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бирок аткезчилер ага да карабай, аракетин улантып, кармоо учурунда каршылык көрсөтүшкөн. Кырдаалга ылайык, мыйзам бузууну токтотуу жана чек араны бузган адамдарды кармоо максатында жоокер курал колдонгон. Жыйынтыгында чек араны бузгандардын бири бутунан жаракат алган", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Чек арачылар жаракат алган адамга медициналык тез жардам көрсөтүп, Баткен шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Ага ооруканада операция жасалган. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык экенин билдиришкен.

Кармалган жарандар жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине андан аркы териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба жаныбарларын - бодо мал, кой-эчкини өлкө аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салган. Буга Кыргызстанда эттин баасы кымбаттаганы себеп экени айтылган. (ZKo/JsA)

Дагы караңыз

"Салык саясаты адилет болсо". Блогерлерге жеңилдик демилгеси талкуу жараттыАкыйкатчы Анкарада кармалган кыргызстандык жаран боюнча Түркиянын Омбудсменине кайрылдыМедициналык китепчелер электрондук форматка өткөрүлөтПрезиденттин администрациясында катчылык кызматы түзүлөтАКШда В-52 бомбалоочу учагы кыйрадыОрусияда медкароодон өтпөгөн мигранттарга ири өлчөмдө айып салынат