Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Өкмөт малды экспорттоого убактылуу тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын - бодо мал, кой-эчкини өлкө аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгону 9-мартта кабарланды.

Чечимдин негизги максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу экени айтылды.

Токтомду ишке ашыруу бир катар мамлекеттик органдарга жүктөлдү.

Евразия экономикалык комиссиясынын иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда эттин баасы былтыр ноябрга караганда 14% кымбаттады.

Ушул күндөрү Бишкектеги эт базарларда кой, уй этинин бир килограммы 750 сомдон 950 сомго чейин сатылып жатат. Жылкынын эти 690 сомдон жогору.

Айыл чарба министрлигинин расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2025-жылы 1 млн 857 миң бодо мал, 6 млн 318 майда жандык каттоого алынган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG