Беларус лидери Александр Лукашенко Al Arabiya English телеканалына курган маегинде анын өлкөсү Украинага каршы согушка кирбей турганын билдирди, Украинанын президентинин дарегине жакында айткан кескин сөздөрү үчүн Владимир Зеленскийден кечирим сурады.
“Свобода” радиосунун беларус кызматы билдиргендей, Лукашенко башка маселелер менен катар Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын “аскердик чечими жок” экенин белгилеген. Беларустун Украина менен согушка ыктымалдуу кириши тууралуу айтып жатып, Лукашенко бул учурда Беларус “аскердик жактан абдан алсыз” болуп каларын айтты. Анткени “Беларус украиналык аскерлердин алаканында тургандай эле көрүнүп турат. Биздин жашоону камсыз кылуучу негизги объектилерибиз – өндүрүштүк жана логистикалык борборлорубуз сокку астында каларын абдан жакшы түшүнөбүз. Алар өздөрү билдиргендей, Беларустун аймагында ушундай 500дөй бутаны белгилеп коюшкан”, - деди беларус жетекчиси.
Ошол эле учурда ал Минскинин Украинага кол салуу планы жок экенин кайталап, Орусиянын президенти Владимир Путин ага: “Биз Беларустун кандайдыр бир макамда согушка кириши кабыл алынгыс экенин түшүнөбүз. Мунун пайдасына караганда зыяны көп болот”, - деп айтканын билдирди.
Лукашенко май айынын аягында жасаган билдирүүлөрү үчүн да Зеленскийден кечирим сурады. Анда Украинанын президенти Беларус тараптан болушу мүмкүн болгон агрессияга жооп катары Украина бул өлкөнүн аймагындагы буталарга сокку ура турганын айтып, анын ичинде Лукашенконун кайда жүргөнү Киевге белгилүү экенин кыйыткан. Ал убакта беларус лидери Зеленский баңгизаттын таасири менен сүйлөп жатат деген божомолду айткан.
“Мүмкүн, мен бир жерден ашыкча кетип калгандырмын, бирок бул анын акылга сыйбаган билдирүүлөрүнө жооп болчу", - деди Лукашенко. “Эгерде Владимир Александрович таарынып калган болсо, мен бул сөздөрүм үчүн андан кечирим сурайм. Анын дагы эле согушуп жатканын эске алганда, балким, андай кылбоо керек эле. Балким, бул тууралуу мынчалык кескин айтпашым керек эле”.
“Украинанын президенти бул кечирим суроону укту", - деп билдирди Зеленскийдин атын атабаган өкүлү Би-Би-Сиге. Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Лукашенконун Украинаны багынып берүүгө чакыруудан кечирим суроого өткөнүн белгилеп, бул анын пикиринде, Украинанын күчүнүн далили экенин айтты.
Тихановская бул “сахналаштырылган кечирим суроолор” Украинага каршы согушта расмий Минскинин Орусиянын шериги экенин жокко чыгара албасын белгиледи.