Депутат Сыдыгалиев Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керектигин айтты

Нурбек Сыдыгалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев “75чилердин каты” деп аталган иш боюнча айыпталып, эркиндикте жүргөн үч саясатчыны камакка алуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 17-июнда “Азаттыкка” билдирди.

Депутат коюлган айып оор болгонуна карабай алардын эркиндикте жүрүшү туура эмес экенин айтууда:

“Мисалы, Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев сотко барып алып кандай мамиле кылып жатканын көрүп атасыңар. Алар айыпталуучулар да, туурабы? Камап туруп тергеп, соттон да кармап, процессти улантыш керек болчу. Анткени мыйзам баарына бирдей болушу керек эле. Бизде андай болбой жатат. Сотто отуруп алып биздин депутатыбызды эмне кылып жатышат? Соттолуучу Сурабалдиева, тигилер күбө катары келгендей жүрүшөт”.

Сыдыгалиев бул анын депутат катары жеке пикири экенин жана сотко, укук коргоо органдарына басым катары кабыл алынбашы керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 15-июндагы соттук отурумга күбө катары чакырылып, көрсөтмө берген. Процесс учурунда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, айыпталуучу Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Дагы караңыз

"75чилердин соту": Ташиев менен Сурабалдиева айтышты

Кылмыш ишин козгогон Ички иштер министрлиги тергөө материалдарына "жашыруун" грифин койгон. Ошондон улам иш сотко өткөндө да Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жабык карай баштаган. Айыпталуучулар жана жактоочулар ачык сот талап кылганы үчүн 15-июндан тартып процесстер ачык өтө баштады.

Жалпы сегиз айыпталуучу бар. Алардын ичинен Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

Айыпталуучулар коюлган айыпка макул эместигин билдирип келет.

Дагы караңыз

Ирандагы Шариф университети согуштан 48 млн долларга зыян тартканын билдирдиАйыккыс абалдагы бейтапка акысыз жардам көрсөтүү тартиби бекитилди18-июндун аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөтЭкс-депутат Мурзабеков ЖЭБ көмүрү боюнча жасалмалоого шектелип кармалды