АКШ-Иран макулдашуусунун чоо-жайы ачыкталды

АКШ президенти Дональд Трамп жана мамкатчысы Марк Рубио. 17-июнь, 2026-жыл.

Америкалык жогорку мамлекеттик кызматтагы аткаминерлер Иран менен жетишилген, 19-июнда Швейцарияда расмий кол коюлушу керек болгон алкактык макулдашуунун мазмунун ачыкка чыгарышты.

Журналисттерге 17-июнда телефон аркылуу окуп беришкен текстке ылайык, өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин өтүүсүн жандантууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз бөгөттөөсүн токтотууну камтыйт.

Макулдашууга расмий кол коюудан кийин тараптар Ирандын өзөктүк программасын чектөөнү жана АКШнын Ислам республикасына санкцияларын алышын камтыган толук бүтүмүнө 60 күн ичинде жетишүүгө милдеттүү.

"Негизинен, бул келишим бизге Ормуз кысыгын токтоосуз ачууга мүмкүнчүлүк берет, ирандыктарды өзөктүк куралын жок кылууга милдеттендирет, андан кийин кырдаалды көзөмөлдөөгө бизге шарт түзөт", - деди жогорку деңгээлдеги аткаминер.

АКШ менен Иран алкактык келишимге 15-июнда электрондук түрдө кол коюшкан.

Келишим АКШ менен Ирандын ортосундагы акыркы жылдардагы эң ири дипломатиялык жетишкендик жана бир нече айга созулган согуштан, деңиз чыр-чатактарынан жана аймактык ортомчулардын катышуусу менен бейрасмий сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлдү.

Дагы караңыз

Эл артисти Улукмырза Полотов дүйнөдөн кайттыДепутат мурдагы үч чиновник камалышы керектигин айтты | Жаңылыктар | 17.06.2026“75чилердин каты”: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулун кармоо талабы айтылды Ысык-Көлдө котормочу кызды ур-токмокко алды деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалдыИзраил Ливанга сокку урду, төрт киши каза болгону кабарландыG7 уюму Орусиянын мунайына каршы жаңы санкцияларды убада кылды

Дагы караңыз

Эл артисти Улукмырза Полотов дүйнөдөн кайттыДепутат мурдагы үч чиновник камалышы керектигин айтты | Жаңылыктар | 17.06.2026“75чилердин каты”: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулун кармоо талабы айтылды Ысык-Көлдө котормочу кызды ур-токмокко алды деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалдыЫсык-Көлдө кайык жарышы өтмөй болду