Нетаньяху АКШ менен Ирандын басымына карабастан аскерлери Ливанда кала берерин айтты

Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ менен Иран тараптын басымына карабай аскерлери Ливанда кала берерин билдирди. Бул тууралуу ал Израилде жаңы жолдун ачылыш аземине катышып жатып айтканын The Times of Israel жазды.

Нетаньяху израилдик аскерлер Ливандын түштүгүнөн чыгарылбай турганын айтып, "ал жакта коопсуздукту Израилге канчалык керек болсо, ошончолук мөөнөттө камсыздап турарын" кошумчалады.

АКШ менен Иран келишимге 17-июнда кол койгон. Ага Израил катышкан эмес. Документте Ливандагы согуштук аракеттер да токтотулары айтылган.

18-июнда Reuters израилдик жогорку кызматтагы аткаминерге шилтеме кылып Израил Ливандын түштүгүндөгү позициясын сактап калуу үчүн Ак үй менен "катаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын" жазды.

15-июнда Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы келишим аларга эч кандай милдет жүктөбөсүн билдирген. Анын сөзүнө караганда, өлкө "Хезболланы" жок кылуудан башкага макул эмес, ал эми израилдик аскерлер ээлеп алган аймактарда кала берет. Иранчыл "Хезболла" тобун АКШ жана Израил террористтик уюм деп жарыялаган. Евробиримдик "Хезболланын" аскердик канатын террористтик уюм деп тапкан.

Дагы караңыз

АКШ–Иран сүйлөшүүлөрү: Вэнстин Швейцарияга барбай калган себеби айтылды"Талантты таптаганды билчү". Сахна саяпкери Улукмырза Полотовдун мурасы"75чилердин каты": Сот жылды, Жогорку Кеңеш козголдуМанас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кызматтан алындыМосквада мигранттар көп иштеген "Садовод" базарында өрт чыкты