Ысык-Көл форумуна мурдагы президент Аскар Акаев катышууда

Ысык-Көл эл аралык форуму. Мурдагы президент Аскар Акаев. Чолпон-Ата, 2026-жылдын 19-июну.

19-июнда Ысык-Көл эл аралык форуму Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда уланууда. Форумдун экинчи күнүндөгү иш-чараларына Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев катышып жатат.

Жыйын алкагында заманбап билим берүү, идеологиялык тушоодон бошонуу, жогорку технология доорундагы адамдын жоопкерчилиги, жасалма интеллект доорундагы медианын ролу, гуманизм жана маданияттын миссиясы жана башка темалар талкууланат.

Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышкан. Бул иш-чарада Кыргызстанга расмий сапар менен келген Албаниянын президенти Байрам Бегай жана Түркия парламентинин депутаты Күршад Зорлу да болду.

Форумга конок катары Нобель сыйлыгынын лауреаты жана Кытайдын Жазуучулар союзунун төрагасы Мо Янь баштаган делегация, украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан Жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, Казакстандын президентинин кеңешчиси Бауыржан Омаров, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев жана башка жергиликтүү, дүйнөлүк окумуштуулар, коомдук жана саясий ишмерлер келген.

Быйылкы жылдагы юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санарип реалдуулукка ылайыкташтыруу экенин уюштуруучулар билдирген. Форум "интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулары" маалымдалган.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоодон кийин бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору. Физика-математика илимдеринин доктору Акаев Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, бир нече илимий эмгектин автору.

Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

2024-жылы сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Акаев өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айткан.

Дагы караңыз

Еврошаркеттин Орусияга каршы санкцияларынын мөөнөтү бир жылга узартылды АКШ–Иран сүйлөшүүлөрү: Вэнстин Швейцарияга барбай калган себеби айтылдыМанас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кызматтан алындыМосквада мигранттар көп иштеген "Садовод" базарында өрт чыкты