20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүргөн.
Натыйжада Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш айылынын Дахма тилкесиндеги жалпы 20 үй тазаланды. Анын ичинен беш үйдүн ичи жана 15 үйдүн жер төлөсү сел калдыктарынан тазаланды.
Ал эми 29 үйдүн короосуна жана сегиз чарбалык курулушка кирген селдин суулары жерге сиңип кеткен. Мындан сырткары, 600 метр ички чарбалык жолду кум-шагыл каптаган.
Селдин кесепетинен эки үй авариялык абалга келип, алардын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү. Ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери бүгүн, 21-июнда, улантылууда.
Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылында Тамаша-Сайдан келген сел өз нугу менен агып өткөн. Турак үйлөргө жана мал-жандыктарга зыян келтирилген эмес.
Облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлагандай, аймактагы бардык жол каттамдары ачык. Калыбына келтирүү иштери уланууда.
20-июнда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагында нөшөрдөн улам сел жүргөнүн жергиликтүү бийликтер кабарлаган.(JsA/ZKo)