Крымдагы мунай базага жана Кавказдагы портко сокку урулду

Керчтеги мунай терминалында чыккан өрт. Крым, 21-июнь, 2026-жыл

21-июнга караган түндө украиналык аскерлер дрондор менен аннексияланган Крымдын түштүгүндөгү Керчь шаарына сокку урушту. Мунай базасы өрттөндү. Мониторинг каналдар көптөгөн сүрөт жана видеолорду жарыялашты.

Кавказда дагы порт күйүп жатат.

ASTRA долбоорунун маалыматына караганда, Керчь шаарындагы Керчен соода портунда мунай база өрттөнүп жатат. Ал Крым көпүрөсүнөн бир чакырым аралыкта жайгашкан. Керчте көп кабаттуу үй дагы жабыркады.

Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов төрт киши мерт болгонун, 28и жараат алганын кабарлады.

Кавказ портундагы өрттү NASA Firms спутник сервиси тартып алган. Порт Крымга баруучу паром өтмөгүн тейлейт. Кийинчерээк Краснодар крайынын ыкчам штабы "Панагия" паромуна кол салуудан бир адам каза болгонун, дагы бири жаракат алганын жарыялады. Чушка кыштагындагы мунай терминалы да өрттөнүп кетти.

Украин аскерлери азырынча сокку туралуу комментарий бере элек. Крымга өзгөчө акыркы убактарда такай чабуул коюлуп жатат, бутага энергетикалык обьекттер, транспорт инфратүзүмдөрү алынууда.

Жарым аралда күйүүчү май танкыс, Севастаполдо сатыкта бензин калбаганы маалым болду.

Дагы караңыз

Кытайлык жазуучу Мо Яндын китебинин бет ачары болдуАКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс Швейцарияга бир күндөн кийин учтуМай куюучу бекеттерде ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталдыСтуденттерге каттоого турууга жеңилдик берилетОш: Милиция жарандарды"снос" боюнча туура эмес маалымат таратпоого чакырды