Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун текшерүүгө уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө киргизилген мораторийден тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөөгө компетенттүү органдар - Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл мекемелери чыгарылды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, быйыл 14-марттагы - ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндөгү жарлыгына өзгөртүү киргизди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемелерине калктын саламаттыгы үчүн тамак-аштын сапатын жана коопсуздугун текшерүү үчүн ишкерлерди текшерүүгө расмий түрдө укук берилди.

Жарлык жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары текшерүүгө тыюу салынган. Президент Садыр Жапаров 18-февралда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөгөн.

Кыргызстанда күндүн ысышы менен тамак-ашка уулануу көп катталат. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында тамак ташуучу компанияларга жана коомдук тамактануучу жайларга эскертүү берген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Талантты таптаганды билчү". Сахна саяпкери Улукмырза Полотовдун мурасыКытайлык жазуучу Мо Яндын китебинин бет ачары болдуКрымдагы мунай базага жана Кавказдагы портко сокку урулдуИран Ормуз кысыгын кайрадан жапканын жарыяладыСанкция тобокелдиги кайсы компанияларды жойду?