Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Сары-Челек көлү.

22-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймктарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күңдүз 21…26

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күңдүз 20…25

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21-июнда эртең менен 20,0° түздү.

Дагы караңыз

"Талантты таптаганды билчү". Сахна саяпкери Улукмырза Полотовдун мурасыКытайлык жазуучу Мо Яндын китебинин бет ачары болдуКрымдагы мунай базага жана Кавказдагы портко сокку урулдуИран Ормуз кысыгын кайрадан жапканын жарыяладыСанкция тобокелдиги кайсы компанияларды жойду? Май куюучу бекеттерде ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды