Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Эрденет Касымов 22-июнда, Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Махабат Мавлянова бир нече жыл мурун мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүп, жер-жерлерде курулган респоинттер иштебей, талкаланып жатканын белгиледи.
"Жакында эле Чаткалдан келе жатып көрдүм, талкаланып, айнектери сынып жатат. Аларды жеке ишкерлерге берип койсоңор, ишкерлер өздөрү эле сонун кылып, иштетип алышат. Аларга бир беш жылга жеңилдетилген шарттарды түзүп берсеңер. Жалпы эле аймактарда туризмди өнүктүрүүну ишкерлерге эле бергиле. Бюджеттен акча бөлүп, ага сынак жарыялап, убара болбой эле, инвесторлорго бергиле. Кыргызстанда кооз, керемет жерлер көп, азыр туристтерди тартуу менен айылдарды өнүктүрсө болот. Элге эле шарт түзүп, ошол эле учурда талаптарды коелу", - деди Мавлянова.
Кыргызстанда геологиялык парктарды түзүү боюнча “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринде биринчи окуудан каралды.
Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков аталган мыйзам долбоорун шыр эле үч окууда карап, кабыл алуу өтүнүчү "Эл үмүтү", "Ала-Тоо", "Элдик" жана "Ишеним" депутаттык топторунан келип түшкөнүн жарыялап, мүчөлөр аны колдоп беришти.(ZKo)