Бишкекте мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

22-июнда, күндүз Бишкек шаарындагы мамлекеттик объекттерге бомба коюлганы тууралуу 15 чакты билдирүү келип түшкөн.

Бишкек милициясы коопсуздукту камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрүп, бомба коюлганы айтылган объекттердин аймактары тосмолонгон, ичиндеги кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланган.

Бомба коюлганы айтылган объекттерде жана алардын айланасында милициянын ыкчам-тергөө топтору, тиешелүү адистер, кинологдор иштеп жатканы кабарланды.

"Учурда көпчүлүк обьекттерде текшерүү иштери аяктады. Жардыргыч заттар коюлганы тууралуу маалыматтар такталган жок. Башка имараттарда текшерүү иштери уланып жатат", - деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Милиция жаңыланган маалыматтарга ылайык, кошумча кабарлоо болорун билдирди.

22-июнда Жогорку Кеңеш, "Манас" аэропорту, Эски аянттагы Тышкы иштер министрлиги жана Экономика, коммерция министрлиги жайгашкан мурдагы Өкмөт үйү жана башка дагы бир катар мамлекеттик мекемелерге жардыргыч зат коюлганы тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Бардык мекемелерден кызматкерлер эвакуацияланып, текшерүү иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы буга машыгуу себеп болгонун билдирген.

Жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар Бишкекте көп тарайт, буга чейин алардын баары тең жалган болуп чыккан.(ZKo)

Дагы караңыз

Жапаровдун мөөнөтү, моралдык жоопкерчилик: Акаевдин маегиДепутат Мавлянова кен казуу ордуна геопарктарды түзүүнү сунуштадыОштогу ооруканаларда таза суу жоктугуна нааразылыктар айтылуудаОкуучулары ууланган медресе айыпка жыгылып, убактылуу жабылдыУшаков Кремл АКШ менен келишимдин аткарылышын эмес, "жеңишти" күтүп жатканын айтты