"75чилердин иши" аталган соттук жараян кайрадан жабык өтүп, кечээ 22-июндагы отурумда бул иштеги негизги айыпталуучулар Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев сотто суралганы белгилүү болду.
Мындан сырткаары Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев да сотттук териштирүүдөгү суроолорго жооп бергенин сотко катышкан жактоочулар ырасташты.
Айыпталуучулар жана алардын жактоочулары соттун жүрүшүндө кандай сөздөр айтылганын ачыктаган жок.
Соттон чыгып бара жатып Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин Жогорку Кеңеште алардын дарегине айтылган сындарды башында көрбөгөнүн, ушундан улам суроолорго жооп бере албай турганын билдирген. Бирок “азыркы төрага Марлен Маматалиев да сиздер тууралуу бир топ маалыматты айтпадыбы” деген сөзгө Нурланбек Тургунбек уулу “ал жалган, эч кандай андай болгон эмес” деп жооп берди.
Мамлекеттик айыптоочу топтун билдирүүсүндө сот жараянын жабык өткөрүүгө негизги себеп катары төмөнкүдөй жүйө келтирилди:
"Соттук териштирүүгө жалпыга маалымдоо каражаттарынын көп санда катышуусу, өз кезегинде, коргоого алынган маалыматтардын мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жайылып кетишине алып келиши мүмкүн. Мамлекеттик айыптоочулар тобу мындан аркы соттук териштирүүнү жабык өткөрүүнү өтүнөт".
Сунушту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган төрт айыпталуучу колдосо, Курсан Асанов, Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев сотту ачык улантуу керектигин айтып чыгышты.
Айрыкча мурдагы ички иштер министри Асанов эмоционалдуу билдирүү жасап, натыйжада судьянын чечими менен"тартип бузду" деген негизде сот залынан чыгарылды.
Отурумда сөз алган Курсан Асанов мындай деген пикирин айткан:
"Мамлекетибизде үч бийлик бар: аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги жана сот бийлиги. Төртүнчү бийлик катары массалык маалымат каражаттары эсептелет. Эгерде сиз (судьяга кайрылып жатып) көзөмөл органынын айтканы менен ишти жабык тартипте карай турган болсоңуздар, анда бийликке, биринчи кезекте урматтуу президентибиз Садыр Жапаровго болгон элдин ишеними нөлгө түшөт".
Курсан Асанов
Жыйынтыкта судья Азирет Медеров ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.
Ошентип, Кыргызстандагы учурдагы башкы саясий окуя аталган соттук иш кайрадан жабык каралмай болду.
Бул күнү күбө катары мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен саясатчы Эмилбек Каптагаев көрсөтмө беришти.
Абылгазиев журналистердин суроолоруна жооп берген жок. Ал эми Каптагаев чулгандуу катка кол койгонун айтып, анын максатын мындай деп түшүндүрдү:
Эмилбек Каптагаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 22-июнь, 2026-жыл.
"Президентти колдоо иретинде жогору жактан шайлоо өткөрөлү деген сунуш түшкөндө колдоп берели деген ниет менен кол коюлган. Басымдуу көпчүлүк эл президентти колдойлу, быйылкы оор мезгил өтүп кетсе, кийинки жылы тынч болот деген ойдо болгон. Бирок азыр абал тескерисинче болуп жатат. Алдап туруп башка жакка багыттап койгондой сезилип калды. “Өлкөнүн туруктуулугу үчүн жогору жактагы бийликти колдоп койгула” деп кол койдургандыгынын өзү адамгерчиликке жатпаган иш".
Негизи коомчулуктун көңүл борборунда болуп жаткан жараянды ачык өткөрүүнү айыпталуучулар жана алардан адвокаттары сунуштап чыккан эле. Алар коомчулуктан жашырчу сыр жок экенин айтып, жүйө келтирип жаткан. Дал ушундай шартта бул иш өткөн аптадан баштап ачык каралып, бир нече күбөнүн көрсөтмөсү коомчулукка белгилүү болду.
Алардын ичинен парламент депутаты Элвира Сурабалдиеванын соттогу билдирүүлөрү саясий талкууларга жол ачты. Сурабалдиеванын көрсөтмөлөрүнөн соңку абалга парламентте да реакциялар жасалып, спикер Марлен Маматалиев баш болгон бир нече депутат айыпталуучуларды сындаганга да жетишти.
Дал ушундай шартта сотту кайрадан жабык өткөрүү чечими кимдин кызыкчылыгында болушу мүмкүн деген суроо талкууланууда. Юрист Нурбек Токтакунов соттун кайрадан жабык өтүшүн мындай деп жоромолдоду.
Адвокаттар Нурбек Токтакунов (солдо).
"Башында айткандай эле, сот процессинин жабык өтүшү бийликтин да, айыпталып жаткан Ташиевдин, Зулушевдин жана Тургунбек уулунун да кызыкчылыгына туура келет. Ал эми бийликтин кызыкчылыгы тергөөнүн сабатсыздыгын жашыруу. Анткени көрүп жатабыз, буларга коюлган айыптар саясий мүмкүнчүлүктөрдү жөн эле кылмышка теңеп салгандай көрүнөт. Ал эми айыпталуучуларды бул иш боюнча эмес, башка аракеттери үчүн соттош керек".
Кыргызстанда “Жетимиш бешчилердин" кайрылуусу аталган иш быйыл февралда 75 мурдагы жетекчинин президент жана парламент төрагасына кайрылуусу менен башталган. Анда алар жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Дал ушул кайрылуу саясий окуяларды тездетип, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин беш жылга созулган тандеминин урашына себеп болду. Тергөө органдары кайрылуу атайын даярдалып мыйзамсыз аракеттер болгон деп иш козгоду. Бул иштин негизинде президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта экс-министр Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.
Айыпталуучулар тагылган кинени толугу менен четке кагып келишет.