Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын 23-июнда райондук бийлик маалымдады.
Мекеме билдиргендей, 22-июнда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен райондун бир нече айылында катуу сел жүрүп, эл чыгымга учурады.
Жаныбек Эркебаев Баткен шаарынын борбордук бөлүгүндө турат. 22-июнда жүргөн селде анын короосун, жер төлөсүн суу каптаган.
"Капысынан эле келди. Умаров көчөсүндөгү ондон ашык үйгө кирди. Жер төлөнүн бул жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып жатты. Жер төлөдө кышыга жапкан салаттарды, үйгө керектүү аспаптарды, идиштерди сактайт элек. Көбүн агызып кетти. Өзүм сүрөтчү болгондуктан кагаз, боёкторду ушул жерде сактачумун. Бир жылга жеткидей алып койчумун. Баары жарабай калды. Суу кампа, септикке кирип, баары жараксыз абалга келди", - дейт Баткендин тургуну.
Алдын ала маалыматтарда сел Баткен шаарындагы тогуз үйгө кирген. Анын айынан электр жарыгы өчүрүлүп, ичүүчү суу берүүдө кыйынчылык жаралган.
23-июнда Баткен районунун акими жана биринчи орун басары жарандык коргонуу кызмат башчыларынын катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.
Анда тиешелүү мекеме-ишканаларга селдин кесепетин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү жана жер-жерлерде ыкчам иш алып баруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Учурда атайын техниканы тартуу менен селдин кесепетин жоюу жана зыянга учураган жерлерде калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы, кырдаал көзөмөлгө алынганы кабарланды.
Жалпысынан, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 23-июнга карата облус аймагында жол каттамдары ачык. Электр энергиясы калыбына келтирилип, берилүүдө.
"Жалпы бир турак үйдүн ичине, 177 үйдүн короосуна, 17 үйдүн жертөлөсүнө, 23 үйдүн чарбалык курулуштарына сел кирген. 8800 метр ички чарбалык жолду бузган. Үч унаа жабыркаган. 13 электр мамычасы, 10 даана лоток агып кеткен жана алты чакырым жол ар жеринен кум шагылга толгон, үч ички чарбалык көпүрө, бир электр тармактар ишканасы, бир айыл өкмөт короосу, 1000 метр сел өтүүчү сай ичи сел калдыктарына толгон, 4000 метр сел өтүүчү сайдын ар жеринен эрозияга учураган", - деп билдирди облус бийлиги.
Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев 23-июнда селдин кесепетин жоюу жана кырдаалды көзөмөлдөө боюнча чукул жыйын өткөрдү.
Жыйында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү, калктын коопсуздугун камсыздоо жана жаралган көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча тапшырмалар берилгенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
"Ошондой эле электр энергиясын калыбына келтирүү, таза суу менен камсыздоо, жолдордун жана социалдык объектилердин абалын көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, селдин кесепеттерин жоюуну улантууда. Шаар башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, бардык кызматтарды координацияланган тартипте жана ыкчам иштөөгө чакырды", - деп айтылды маалыматта.
Баткендеги жаратылыш кырсыгынын кесепетин тез арада жоюу жана элге көмөк көрсөтүү маселеси мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин 23-июнда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов билдирди:
"Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди. Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда".
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч каражаттары жана куткаруучулар, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөр сел кесепетин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымды тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 23-июнда тараткан маалыматына караганда, Баткенде сел жүргөн аймактарда абал көзөмөлдө, жол каттамдары ачык.
Ошол эле учурда, мекеме билдиргендей, Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорунда сел жүрүшүнө байланыштуу убактылуу чектөөлөр киргизилип, учурда калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, жол тейлөө ишканалары Лейлек районунда Катран–Өзгөрүш жолунда, Баткен районуда Баткен–Кара-Токой тилкесинде, Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолунда, жаңы багыттагы Ош–Баткен–Раззаков жолунун 232,5-чакырымында, Кара-Бак–Чет-Кызыл жолунда, ал эми Кадамжай районунда эски багыттагы Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун Кадамжай–Чечме тилкесинде иштеп жатышканы маалымдалды.
20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүргөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, бул күндөрү Баткенде сел жүргөн айылдарда абалды министрдин орун басары Искендер Сулайманов көзөмөлдөөдө. 22-июнда ал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш айылында болду. Жергиликтүү тургундар менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, тийиштүү чечимдерди кабыл алганы, мындан тышкары, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагын да кыдырып, сел келген аймактардын абалы менен таанышууну улантып жатканы маалымдалды.
Нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетин жоюу иштери бул күндөрү Нарын жергесинде да жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 22-июнда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында сел жүрүп, турак жайларга жана бир катар инфраструктуралык объектиге зыян келтирген.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жеринде көрүү жана калк менен жолугушуу максатында министр Канатбек Чыныбаев аталган айылдарга барып, кырдаал менен таанышты, сел калдыктары топтолгон каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде коргоо курулмаларын куруу маселеси тиешелүү адистердин техникалык корутундусуна ылайык караларын белгиледи.
Мындан тышкары, Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан алты турак жайды сел коркунучунан коргоо боюнча иштердин планына кошумча киргизүү сунушу берилгени, Мыкаачы суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо милдети коюлганы маалымдалды.
Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын көптүгү, жайылуусу, келтирген зыяны жагынан сел жана ташкын эң кооптуу деп эсептелерин адистер белгилешет. Алардын билдиришинче, жалпысынан жылына мындай 70 чакты кырдаал түзүлөт. Бул жалпы өзгөчө кырдаалдардын 31%. Сел суусунун топтолушуна 96% учурда нөшөр жана көпкө жааган жаан себеп болот.
ӨКМ 23-25-июнда да абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөргө байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертүүдө.