Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйөт

Иллюстрациялык сүрөт.

1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысына иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн берилүүчү кошумча акы 50% көтөрүлөт. Андан тышкары дагы ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын белгиледи.

Ал 2022-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо 110%, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 153% көбөйгөнүн айтты.

Бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы быйыл эки баскыч менен көтөрүлөрүн мурдараак президент Садыр Жапаров да билдирген. Биринчи баскычта, 1-апрелден тартып, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо кызматкерлеринин, мамлекеттик медиада иштеген журналисттердин эмгек акысы эки эсеге чейин көтөрүлдү. Кийинки этап 1-сентябрда болору айтылган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, июнь айынын башында Кыргызстанда орточо айлык акы 44,4 миң сомду түзгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

"Үйдөгү буюмдар агып кетти". Баткендеги селдин кесепетиЖАМК камактагы Ташовдун ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирдиПарламенттин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалдыАлишер Эрбаев УКМКдан баш-аягы 96 кызматкер жумуштан четтетилгенин айттыТрамп Ормуз ачылганын, Иран байланыш түзүлгөнүн билдиришти