Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.
Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында жана Орусиянын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө сөз болуп жаткан топко Дүйшөн Төрөкуловдун тиешеси бар экени аныкталган.
ИИМ ал айдап бараткан Toyota Prius автоунаасын тинткен учурда салмагы болжол менен 5 грамм болгон психотроптук зат табылганын, Дүйшөн Төрөкуловго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып коюлганын билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июнда анын бөгөт чарасын карап, 30-июнга чейин камакка алган.
Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп кармаган. Ошол эле жылдын март айында үй камагына чыккан. Ал иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.
Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Дүйшөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал. (BTo)