Кегети суусуна агып кеткен алты жашар бала изделүүдө

Кегети суусуна түшүп кеткен унааны чыгаруу учуру. Чүй. 23-июнь, 2026-жыл. Видеодон скриншот.

23-июнда Чүй районунда Кегети капчыгайындагы сууга жеңил унаа түшүп кетип, ичиндеги эки бала агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин Чүй облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, унаадагы эки чоң киши аман калган.

ӨКМдин куткаруучулары 12 жаштагы кыздын сөөгүн суудан алып чыгышкан. Алты жашар баланы издөө уланууда.

Ошондой эле 23-июнда Сокулук районундагы Кожомкул айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун издөө иштери улантылды.

Издеп-куткаруу иштери 21-июндан бери жүрүп жатат.
Баштапкы маалымат боюнча, унаанын айдоочусу каналга агып кеткен.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөгүп же агып каза болгон. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза тапкан, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)

Дагы караңыз

"75чилердин каты". Ташиев сотто көрсөтмө бердиМанаста жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалдыЛиван менен Израилдин ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр башталатАннексияланган Крымдагы мунай базасы дрон соккусуна кабылдыСоң-Көлдө мыйзамсыз глэмпинг орноткон ишкерлер айыпка жыгылдыИИМ экс-депутат Төрөкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди