Мо Ян: Кыргыздар менен жакындан таанышкым келет

Көрүнүктүү кытай жазуучусу, Нобелдин лауреаты Мо Ян 18-21-июнда өткөн “Ысык-Көл форумунда". Чолпон-Ата, 2026-жылдын 18-июну.

18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу, Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.

Белгилүү кытай жазуучусу Мо Ян 71 жашта. 2012-жылы Нобелдин сыйлыгын алган. Анын чыгармалары 80-жылдардын башынан тарта жарыялана баштаган. Ал чыгармаларында XX кылымдагы урунтуу окуялар, оош-кыйыш, кыйынчылыктар тууралуу жазат. Реалдуу турмушту уламыштар, фантастикалык окуялар менен айкалыштырып сүрөттөгөн өзгөчө ыкмасы үчүн Нобелдин сыйлыгына татыган. Анын эң белгилүү “Кызыл жүгөрү талаасында” романы Жапониянын Кытайга басып кирген согуш учурундагы элдин турмушун сүрөттөйт. Романдын негизинде тартылган көркөм тасма 1988-жылы Берлин кинофестивалынын башкы сыйлыгына татыган. Анын “Өлүп кайра тирилүүнүн азабы” деген романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Мо Ян 20га чукул китептин автору, заманбап кытай адабиятынын эң көрүнүктүү өкүлү.


Нобел сыйлыгынын лауреаты, кытайлык жазуучу Мо Ян жана "Азаттыктын" журналисти Айбек Абдылдаев

- Мо Ян мырза, Кыргызстанга кош келдиңиз. Алгач чыгармаңыздын кыргыз тилине которулуп, расмий түрдө жарык көрүшү менен куттуктайбыз. Сиздин аудиторияга чакан болсо дагы сапаттуу жаңы окурмандар кошулду деп ойлойм. Ысык-Көл форумуна катышканга чейин сиз жашаган өлкөгө коңшулаш Кыргызстан аттуу өлкө тууралуу билчү белеңиз? Бул өлкөнүн адабияты жана маданияты менен таанышып, кызыгуу пайда болгонбу?

- Ооба, биз Кыргызстанды улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени катары көптөн бери билебиз. Өткөн кылымдын 80-жылдарында "Ысык-Көл форуму" жаңы гана түзүлгөн учурда биз анын чыгармаларын окуй баштаганбыз. Көптөгөн кытай жазуучулары Айтматовдун чыгармаларына болгон сүйүүсүн билдиришкен. Албетте, менимче Айтматов биздин чыгармачылыкка дагы белгилүү бир деңгээлде авангарддык, бир аз магиялык таасирин тийгизди. Биз бул жазуучуну абдан жогору баалайбыз, анын Кытайдагы таасири өтө чоң.

- Сиз айтып жаткан Айтматов мындан 40 жыл илгери, дүйнө өзгөрүп жаткан маалда дал ушул экөөбүз турган Ысык-Көл жээгине интеллектуалдарды чакырып, адамзаттын болочогу кандай болот деп ой калчаган экен. Мына азыркы жаңы кылымда дагы дүйнө ушунчалык тездик менен өзгөрүп, жасалма интеллект адамдын жумушун колдон талаша баштаган доорго келатабыз. Азыркы дүйнөнүн эң чоң глобалдык көйгөйү деп эмнелерди атайт элеңиз?

- Менимче, Айтматов жазуучу катары дүйнөлүк масштабдагы мындай форумду уюштурууну сунуш кылганы анын жөн гана жазуучу эмес, коомдук ишмер экенин дагы көрсөтөт. Ал ой жүгүртүүсү терең жана келечекти көрө билген адам болгон. Дүйнө тынымсыз өзгөрүп турарын, мамлекеттердин ортосунда көбүрөөк байланыш, диалог жана талкуу керек экенин, анан дүйнөдөгү кыйынчылыктарды чечүү жолдорун чогуу издөө зарылдыгын жакшы түшүнгөн. Мындай маселелерге экология көйгөйлөрү, улуттар ортосундагы маселелер, адам менен илимий-техникалык прогресстин ортосундагы карама-каршылыктар кирет деп ойлойм. Булардын баары азыркы коом үчүн өтө актуалдуу жана чукул маселелер.

Сиз жасалма интеллект тууралуу да айттыңыз го, туурабы? Чынында, жасалма интеллект адамдарга көп ыңгайлуулуктарды берип жатат, бирок ошол эле учурда олуттуу коркунучтары да бар. Келечекте анын өнүгүшү адамзаттын өзүнө зыян алып келбейби деген суроо азырынча так жоопсуз. Жалпысынан айтканда, менимче бул дагы Ысык-Көл форумунда сөзсүз талкууланышы керек болгон маанилүү темалардын бири.

Маектин видеосун төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:


- “Руханий дүйнө улам жакырланып, адамзат комфорт жашоонун артынан түшүп алды”, “социалдык тармактар кишинин эс тутумун улам кичирейтип баратат” деген ойлорду дагы угуп калабыз. Айталы, азыр медиадагы көлөмдүү макалалардын окурманы аз, ага караганда бир минуталык кыска видеолор (Reels) көп көрүлөт дегендер бар. Интеллектуалдар, жазуучу, ойчулдар эмнеге бүгүнкү жаштарга role model боло албай жатат?

- Заман өзгөрүп жатат, ошого жараша адабият да өзгөрүшү керек деп ойлойм. Мен өзүм дагы кыска видеолорду көргөндү жакшы көрөм. Көп учурда өзүмө "буга өтө көп убакыт коротпо" деп эскертип турам. Бирок бир көрө баштасаң, убакыттын кантип өткөнүн байкабай калат эмесиңби. Жакында мен “Адам” деген жаңы чыгармамды жаздым. Анда адамдын каалоолору, адаттары менен күрөшүнүн татаалдыгы жөнүндө ой толгоолор камтылган. Ошондой эле турмуштун ар кыл көрүнүштөрү жана адам табиятынын татаал, көп кырдуу мүнөзү сүрөттөлөт. Албетте, кыска видеолорду толугу менен жаман деп айтууга болбойт. Алар маалымат берет, билим менен бөлүшөт. Айрыкча сапаттуу даярдалган видеолор адамдарды тарбиялоого, ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө да жардам бере алат. Бирок эң негизгиси - адамда жакшы менен жаманды ажырата билген аң-сезим жана тандоо маданияты болушу керек.

Чындыгында бүгүнкү күндө салттуу китеп окуу маданияты олуттуу сыноого туш болууда. Мындай шартта жазуучулардын биринчи милдети - окурманды өзүнө тарта алган сапаттуу адабий чыгармаларды жаратуу. Экинчиден, коомдун бардык катмарлары адамдарды кайрадан китеп окууга үндөп, окуу маданиятын колдоого алышы керек.

Мындан тышкары, интернеттеги жана кыска видеолордогу зыяндуу, коомго терс таасир эткен маалыматтарга карата белгилүү бир техникалык жана укуктук жөнгө салуу чаралары көрүлүшү зарыл.

Анткени кандай гана болбосун зыяндуу мазмундун чектөөсүз жайылышына жол берүүгө болбойт.

Менимче, жакынкы жылдары Ысык-Көл форумунда дал ушул маселелер - кыска видеолордун коомго тийгизген таасири жана жасалма интеллекттин келечеги сыяктуу темалар олуттуу талкуу борборунда болушу керек. Бул бүгүнкү күндүн гана эмес, келечектин да эң маанилүү суроолорунун бири.

Дагы караңыз

Ысык-Көл форуму: Дүйнөгө диалог керек

- Кыргызстан жөнүндө кандай таасирлер болду? Көчмөн цивилизациясын жараткан элде болдуңуз. Балким кишилер менен сүйлөшкөндө кандайдыр көчмөндүк кулк-мүнөздү байкай алдыңызбы?

- Мен кечээ эле келдим, ошондуктан азырынча кеңири таанышып үлгүрө элекмин. Негизинен илим-билим, маданият өкүлдөрү, профессорлор, интеллигенция жана мамлекеттик кызматкерлер менен жолугуштум. Ал эми башка кишилер менен азырынча көп баарлаша элекмин. Келечекте, балким мүмкүнчүлүк болсо, тоо-ташты аралап, бийик тоолордун терең коюнуна барып, малчылар, тоолуктар менен баарлашып, алардын турмушу жана жашоого көз караштары менен жакындан таанышкым келет. Ошондо өлкө жана анын эли тууралуу дагы тереңирээк, түздөн-түз таасир алам деп ойлойм. Бирок алгачкы таасиримди айтсам, бул жердин эли өтө меймандос, жөнөкөй, ак көңүл жана боорукер экен. Ошондой эле китеп окуганды жакшы көрүшөт, билимди баалашат. Илим-билим адамдарын урматташат, жазуучуларга дагы өзгөчө сый көрсөтүшөт. Мына ушул сапаттар менде абдан жылуу таасир калтырды.

Мо Ян менен видеону ылдыйдан көрсөңүз болот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мо Ян: Кытай жазуучуларына Айтматовдун таасири чоң болду