Мамлекеттик эки банк санкциялык тобокелдиктерден улам 130 компания менен иштешүүнү токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик “Элдик банкы” санкциялык тобокелдиктерден улам 80 компания менен иштешүүнү токтотуп, дагы 40ка жакын ишкана боюнча тиешелүү текшерүүлөр аяктоо алдында турат. Шектүү финансылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын алкагында ушул жылы ыйгарым укуктуу органга 13 миңге жакын билдирүү жөнөтүлгөн.

Андан тышкан дагы бир мамлекеттик “Абанк” болжол менен 51 ишкана менен ишкердик мамилелерин токтотуп, дагы 40ка жакын компанияга байланыштуу текшерүү соңуна чыгып калды. Бул банк шектүү операциялар тууралуу 4 миңге жакын билдирүү жиберген.

Бул тууралуу 23-июнда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча жумушчу кеңешменин жыйынында айтты.

Анда мамлекеттик банктар Европа Биримдигинин, Улуу Британиянын, Америка Кошмо Штаттарынын санкциялык тизмелерине ылайык кардарларды жана төлөмдөрдү күн сайын скринингден өткөрүп жатканы кабарланды.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар компаниялардын юридикалык каттоосун жокко чыгарууну караштырып жатканын майдын башында билдирген. 18-майда Юстиция министрлиги күмөндүү делген 50 компаниянын каттоосун токтотконун жарыялаган.

Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” турат. Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Марко Рубио Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөргө сапарын баштадыКрымда ЖЭБ жана подстанция бутага алынды"75чилер каты": Маматалиев алар шайлоону тез арада өткөрүүнү көздөшкөнүн айттыМилиция кайрымдуулукка деп чогулган акча жеке максатта колдонулганын маалымдадыАзимбек Бекназаров УКМКда сурак берип жататПрезидент МИК айылдарга турак жай курууга артыкчылык берерин билдирди