Ош-Тамчы-Ош аба каттамы жанданат

Тамчыдагы аэропорт. (архив)

26-июндан тарта Ош-Тамчы-Ош аба каттамы жанданат. Каттамды "Асман Эйрлайнс" аба компаниясы жүргүзөт.

Мекеменин маалыматында, каттамдар аптасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат. Учуу убактысы бир саат.

Каттам өлкөнүн түштүгүн Ысык-Көл курорттук аймагы менен түз байланыштырып, жайкы туристтик сезон учурунда жарандардын көлгө бат жетишин камсыздайт.

Ош-Тамчы-Ош аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда - июнь-сентябрь айларында иштейт.

Ысык-Көлдүн Тамчы айылына курулган аэропорт капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, эл аралык макамдагы "Ысык-Көл" аэропортуна айландырылган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Талибандын" Еврошаркетке визити, укук коргоочулардын нааразылыгы "Кыргыз жарандары британ экономикасына салым кошууда""Тапканым жетпей калды". Күйүүчү майдын күйүтүЕвропаны 40 градуска чейин жеткен адаттан тыш ысык каптады Казакстан муфтияты балалуу болуудан ыктыярдуу баш тартуу шариятка туура келбесин айтты“Теңме-тең алмаштык”. Өзбекстанга караган эки айыл Кыргызстанга өттү