Ошондой эле “Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Кайрат Маматовду "жакындарын ишке алган" деп, башка дагы бир катар дооматтарды келтирди. Эки жетекчи тең депутатка жооп берип, айткандарын төгүндөдү. Маматов аны менен чектелбей, Сыдыгалиевдин үстүнөн сотко кайрылышы мүмкүн экенин ачыктады.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев менен аткаруу бийлигиндеги жетекчилердин кайым айтышы анын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айткан төмөнкүдөй билдирүүсүнөн кийин башталды:
“Иминов Фархат кытайлык компаниядан акча талап кылып, 2 миллион доллар сураптыр. Алган-албаганын билбейм. Компания Садыр Жапаровго кат жазыптыр”.
25-июнда парламент жыйынында ал президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Фархад Иминов менен “Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы директору Кайрат Маматовду айыптаган:
“Ошол фактыны мага тактап бергиле. Канча акча алганын, эмне кылганын. Бул жерде Иминовдун компаниясына которулган акчалар турат. Келген инвесторлордон акча алып, аларды качырып жатат. Эми аларды чакырсак, келбейбиз дейт. "Кыргызкөмүр" боюнча да айтып коёюнчу. Мурдагы директору Кайрат Маматов деген бар. Ал бүт туугандарын, бир тууганы, классташы, классташынын аялы, жалпы 16 жакынын жумушка коюптур. Ишкананын азыркы директору Рустам Садыралиев менен ал чогуу иштеген экен. Ошону коюп, өзү башында туруп алып Иминов менен Маматов башкарып отурат. Көмүрдү тазалаганда бир кубуна 7 сом алат экен, ташуудан ар бир тоннадан 50 сомдон алат экен. Ошону караңыздар”.
Дагы караңыз
"Өзүнө жакындарды депутат кылган". Спикерлердин сырдуу жүрүшүДепутат айыптаган “Кыргызкөмүрдүн” мурдагы директору, учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Кайрат Маматов “Кыргызкөмүрдү” жетектеп турган жылдары ишкананын карызын жаап, кирешеге чыгарганын белгиледи.
Жетекчи болгондо өз командасы менен барып иштегенин, бирок туугандарын жумушка албаганын тактады. Ал ишке жыйынтыкты каржылык көрсөткүчтөргө карап берүү керек деп эсептейт.
“Мирлан Жакыпов мага чейин "Кыргызкөмүргө" үч жолу директор болуптур. Кылмышка айыпталыптыр, кармалыптыр. Бүгүнкү күндө Сыдыгалиевдин кеңешчиси болуп, жанында жүрөт. Бул жагы коомчулукка өзүнчө белги болуп атпайбы. Эмнеге дегенде “Кыргызкөмүрдүн” ишине киришип жатат. Депутат катары бул мыйзам менен чектелген. Айтса болот, маалымат суратса болот. Эсеп палатасына кайрыла алат. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Баары текшерсин. Биз бардык материалды бергенбиз. Нурбек Сыдыгалиев өзү суранып, лобби кылып жүргөн кызматкер Талант Скандербеков “Кара-Кече” филиалында директор болчу. Аны жазында Сыдыгалиев өзү да түз чыгып, министр аркылуу да байланышып суранып, кызматка койгонбуз. Кийин бухгалтерия жагынан ушундай маселе чыгып калды. УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы 50 миллион сом боюнча иш козгогон. Ал боюнча иш жүрүп жатат. Дагы бир көйгөй, 25 миллион сом боюнча да мен кызматтан кеткенден кийин суроолор болсо керек. Азыркы жетекчи органдарга кайрылып, келтирилген зыянды толуктап бергиле дегени туура деп ойлойм”.
Маматов юристтери депутаттын айыптоосу боюнча материалдарды даярдап, адамдын ар-намысына шек келтирди деген жүйө менен сотко арыз берерин кошумчалады.
Бир күн мурда "Кыргызкөмүр" ишканасы Маматов белгилеген Скандербеков мекеменин директорунун орун басары кызматынан бошотулганын, мындай чечим каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынганын билдирген.
Сыдыгалиев айыптаган дагы бир жетекчи – Инвестициялар агенттигинин мурдагы директору Фархат Иминов "Кактус" басылмасына кыска жооп берип, айтылгандарды четке какты:
"Мамлекеттик жогорку трибуна аныктыгы мыйзам чегинде текшерилбеген маалыматты таратуучу аянтчага айландырылбашы керек деп эсептейм. Кайсы бир кызыкдар тараптар мени жаманатты кылуу жана ишкердик беделиме доо кетирүү максатында депутат Нурбек Сыдыгалиевди адаштырган болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм".
Дагы караңыз
"75чилердин каты". Ташиев сотто көрсөтмө бердиДепутат менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин кайым айтышы коомчулукта талкууга түштү. Депутаттын айыптоолорун жактагандар да, жетекчилердин дарегине негизсиз каралоо жүрүп жатат деген пикирди кармангандар да болууда.
Мурдагы депутат Исхак Масалиев депутаттын айткандарына көңүл буруу зарыл дейт:
Исхак Масалиев
“Ишкананын жетекчилери депутат менен талашып отурганы жакшы эмес. Кандай десек деле, депутат деген элдин өкүлү. Депутатка ар жактан маалымат келет, эл кат жазат. Кээ бир учурда аша чаап коюшу мүмкүн, бирок ал келген катка таянып айтат. Келгиле, карап көрөлү, балким чын же калп. Ошого бир аз чыдап коюш керек”.
Депутаттын айыптоосуна кабылган Кайрат Маматов “Кыргызкөмүр” ишканасына чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ага чейин Бишкек аймактык комиссиясынын төрагасы болуп иштеген. Буга удаа эле “РСК банкты”, “Айыл банкты” жетектеген жана бир катар ишканаларда жогорку кызматтарды аркалаган.
Фархат Иминовду болсо быйыл 9-июнда президент Садыр Жапаров жаңы түзүлгөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикке башчы кылды. Ага чейин ал Инвестиция агенттигин бир жылдан ашык жетектеди. 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясы менен депутат болуп шайланып, үч жылдан кийин мандаттан баш тарткан. 2021-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына сунушталганы кабарланып, бирок дайындалган эмес. Ал ошол кездерде саясатчы Өмүрбек Бабановдун активдүү тарапташы катары белгилүү.
Президент Садыр Жапаров Нарын облусунда жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын, бирок жемкорлук фактылары токтобой келатканын белгилеп, жакында бир чиновник кармала турганын кыйыткан. Мамлекет башчынын бул айтканы жогорудагы окуяга тиешеси бар-жогу белгисиз.
"Коррупция тууралуу айта берип чарчадык. Ал менен баары жапа тырмак күрөшүшү керек. Эгерде эл унчукпай, эч нерсе болбогондой түр көрсөтө берсе, бир эле президент бул көйгөйдү чече албайт. Коррупцияга каршы күрөшкө ар бир жаран катышуусу тийиш”,-деген Жапаров.
Быйыл 10-февралда Transparency International эл аралык уюму "Коррупцияны кабылдоо индексин" жарыялады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылды. Өткөн жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген.
Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.
Сөз болгон индекс дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны кабылдоого баа берүүдө негизги инструмент болуп саналат.