Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ата-энелерге кайрылып, өзгөчө жайкысын көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында өтө этият болууга чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчы өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын жакындарына көңүл айтты.
“Кегети капчыгайында сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү табылды. Ал эми Талас районундагы 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери азыркы учурда дагы уланууда. Периште болуп учуп кеткен баланын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп жазды Касымалиев.
Ал издөө иштерине активдүү катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырды.
Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 26-июнда табылган.
23-июнда “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кетип, ичиндеги 12 жаштагы кыз менен алты жаштагы бала сууга агып кеткен. Кыздын сөөгү ошол эле күнү табылып, бала изделип жаткан.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ), милициянын кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар да тартылган.
23-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылында жаш бала Талас дарыясына агып кеткен. ӨКМ издөө иштери уланып жатканын билдирүүдө. (КЕ)