Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери Орусиянын Волгоград шаарындагы "Титан-Баррикады" заводуна FP-5 Flamingo ракеталары менен сокку урганын 27-июнда билдирди.
Ал чабуул артиллериялык системаларды жана атайын аскердик жабдууларды, тактап айтканда, "ракета учуруучу түзүлүштөрдүн компоненттерин" чыгарган "ири өнөр жай комплексине" багытталганын билдирди.
"Заводдун аймагына сокку урулуп, андан кийин өрт чыкты", - деп жазды Зеленский.
27-июнга караган түнү украин аскерлери Волгограддагы ишканалардын бирине сокку уруп, өндүрүштүк объектилер жабыркаганы буга чейин кабарланып жаткан.
Аймак башчысы Андрей Бочаровдун айтымында, 10 адам жабыркады.
Бочаров абадан «жогорку ылдамдыктагы чабуул» коюлганын, Волгоградда «Краснооктябрь районундагы ишканалардын биринин өндүрүштүк объектилери жабыркаганын» айтты. Бул райондо артиллериялык жана ракеталык техникага адистешкен "Титан-Баррикада" илимий-өндүрүштүк борбору жайгашкан.
ASTRA басылмасынын OSINT-аналитиги өрт дал ушул заводдон башталганын аныктады.
Орусиянын аймагында ишембиге караган түнү 175 украин дрону жок кылынганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, учкучсуз учактар Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Орлов, Ростов, Смоленск жана Тула облустарынын, Краснодар крайынын, Москва облусунун, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлдү.
Бирок Волгоград облусу тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматында эч нерсе айтылган жок.
Украинанын согушка мониторинг жүргүзүүчү Телеграм каналдары Волгоградда заводго алыс аралыкка учуучу украин FP-5 Flamingo ракеталары сокку урганын кабарлашты.
"Титан-Барикада" АКШнын, Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана дагы бир катар өлкөлөрдүн санкцияларынын алдында турат.
Украиналык Fire Point коргонуу компаниясынын башкы конструктору Денис Штилерман X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына: «Волгоград Украинадан фламинголордун сезондук миграциясын тосуп алууда», - деп жазды.
Fire Point украиналык FP-5 Flamingo ракеталарын жана алыскы буталарга чейин жетүүчү дрондорду жасайт.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.