Бул иш коомдо эң көп талкуу жараткан жараянга айланып, сотто каралып жатканына 1,5 айдан ашты. Коомчулук алдыда кандай чечим чыгарына, кызматта турган кезинде өлкөдөгү экинчи адамга айланган УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев баштаган айыпталуучулардын ишине такай көз салып турушат.
"75чилердин" катына байланышкан соттук жараяндын башталганына бир жарым ай болду. 29-июндагы отурумда прокурорлор Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучуну тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Мамлекеттик айыптоо мурда чоң кызматтарды ээлеген бул адамдар "Бийликти басып алууга аракет" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыбы толук ырасталды деп эсептейт. Сот өткөн аптадан тарта кайра жабык карала баштагандыктан соңку процесске журналисттер киргизилген жок.
Бирок айыпталуучулар прокурордун мындай сунушуна макул болбогонун алардын адвокаттары айтып беришти. Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Латыбек Нуралимов мындай деди.
Латыбек Нуралимов
“Прокурорлордун пикири боюнча мен комментарий бере албайм, бирок мен каршымын. Эч кандай далил жок. Эми аларды түшүнсө болот. Алардын жарыялаган актыларын жогору жактан бекитип беришкен. Алар бекитилген актыларга каршы чыга алышпайт. Биз өзүбүздүн жүйөлөрүбүздү кийинки отурумда айтабыз. Далилдер жок эле турган жеринен күнөөлүү деп коюшту. Бул иште далилдер жок”.
Ал эми Камчыбек Ташиев, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-баш прокурор Курманкул Зулушев бул боюнча журналисттерге комментарий берүүнү каалаган жок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Прокурор Ташиев баштаган айыпталуучуларга тогуз жыл сурады
Бул ишке байланыштуу 20га жакын күбө суралып, жашыруун делген үч адамдын көрсөтмөлөрү окулду. Жактоочулар жана айыпталып жаткандар 75 адамдын кол койгон катында эч кандай кылмыштын курамы жок деген пикирди айтып келишет.
Сот башталардын алдында Нурланбек Тургунбек уулу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бийликти басып алууга байланышкан айыптоону четке какты.
Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 22-июнь, 2026-жыл.
“Мен өзүм бийликте туруп, бийликти басып аламбы? Өзүмдүн бийлигимди өзүм басып аламбы? Эч кандай андай болгон эмес. Ошол учурда экинчи адам болсом... Бул жөн эле абсурд”.
Ошентип, быйыл февралда башталып, саясий талаадагы негизги окуя болуп жаткан 75чилердин катына байланыштуу иш аягына жакындап келе жатат. Юристтер алдыңкы апталарда бул боюнча соттун өкүмү чыгат деп божомолдоодо.
Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев жана Нурланбек Тургунбек уулу. Бишкектин Биринчи май райондук соту. Июнь, 2026-жыл
Бирок бул иштеги укуктук тыянак менен катар саясий мааниси кандай болот деген суроолор учурда кызыгуу туудурууда.
"Бул жерде бийлик талашуу, ар кайсы топтордун бийликке келүү аракеттеринин арты ушундай кырдаалга туш кылат. Ташиевдин, мисалы, бул катка тиешем жок дегени туура эмес. Анткени өлкөдө Ташиев менен сүйлөшпөй анын тагдырын чечкен адам бар беле? Кандайдыр бир башын ийкеп койгон жери бар чыгар. Эми мындан ары прокурор сураганды сот берет. Анткени учурдагы туруктуулукту сакташ үчүн. Ар бир мыйзамдын тамгасы жана руху болот. Ошол руху боюнча соттор ушунча жаза берет”, - деди саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.
Юрист Замир Жоошев болсо азыркы учурда прокурорлор сураган тогуз жылдык жаза боюнча коомчулукка чечим чыгарууга жана ага ыктаган пикир айтууга эрте экенин айтууда:
Замир Жоошев
"Азыр мыйзамды сыйлаган бир дагы адам аларды күнөөлүү деп айтуусу туура эмес болот. Соттун чечиминен кийин гана күнөөлүү деп айтсак туура болмок. Азырынча прокурордун гана позициясын уктук. Мен билгенден баары эмес, айрымдары биринчи жолу соттолуп жатат. Ушул жагдайларды эске алып, прокурор тогуз жылдан сурады го".
Дагы бир саясат талдоочу Эмил Жороев соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү жана анын аяктоосу тууралуу мындай пикирин айтты.
Эмил Жороев
“Бул соттук териштирүүлөрдүн бат-баттан өтүп жатканы шайлоо өнөктүгүнө такабай, эртерээк чечип коёлу деген ой болсо керек. Мындан кийинки инстанциялар дагы болот. Териштирүүлөр дагы созулат. Кандайдыр бир жеңил мөөнөткө камоолор деле орун алса керек. Бардык күнөөлөнүп жаткан кишилер боюнча президенттик тарап деле байкап жатса керек. Алардын шайлоого карата аракеттерине жараша чечим кабыл алынат. Кандайдыр бир бүдөмүк аракеттер байкалбаса, жеңилирээк бүтүшү ыктымал".
Акыркы отурумдардан кийин айыпталып жаткан тараптардын жактоочулары ачык пикир айтуудан карманып турушат. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоочулар тобунун өкүлдөрүнөн да пикир алууга аракет кылдык, бирок алар комментарий беришкен жок.
Кыргызстанда "75чилердин кайрылуусуна" байланышкан иш быйыл февралда мурдагы жетекчилер, саясатчылар, коомдук, саясий, маданий ишмерлерден турган топтун (75 киши) президент жана парламент төрагасына кайрылуусу менен башталган эле. Анда алар жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.
Дал ушул кайрылуу саясий окуяларды тездетип, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин беш жылга созулган тандеминин урашына себеп болду.
Тергөө органдары кайрылуу атайын даярдалып мыйзамсыз аракеттер болгон деп иш козгоду.
Бул иштин негизинде президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта экс-министр Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду.
Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.