Тоо-кен тармагына берилген 600дөн ашык лицензия убактылуу токтотулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тоо-кен тармагына берилген 1982 лицензия текшерелип, 800дөн ашык мыйзам бузуулар аныкталды. Анын жыйынтыгы менен 600дөн ашык лицензия убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, текшерүүдө тоо-кен тармагына лицензия алган айрым ишканалар рекультивация кылуу үчүн эсеп ачпаганы, долбоорду иштеп чыкпаганы жана мамлекетке төлөмдөрдү төкпөгөн учурлар аныкталган.

Акыл Токтобаев ушул тапта кендерди иштетүү укугу 30 пайыздан кем эмес мамлекеттин үлүшү бар компанияларга берилип жатканын, алардын ичинде “Кыргызалтын”, “Кыргызгеология”, “Кыргызполиметалл” ишканалары бар экенин кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

“Жунда” заводуна бензиндин өндүрүшүн көбөйтүү тапшырмасы берилдиБишкекте коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулатЛицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайтКатар: АКШ менен Ирандын өкүлдөрү бул аптада Дохада жолукпайтВенесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1700дөн аштыБашкы прокурордун милдетин Малик Бектурганов аткаратБаш прокурор Асаналиев УКМКны жетектейт, Шабданбеков кызматтан кетти