Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Министрлик күн сайын өлкөдө күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаалды көзөмөлдөп, калкты бензин, солярка менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп келатканын кошумчалады.
“Өлкөгө күйүүчү-майлоочу майды жеткирүүлөр мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу түрдө ишке ашырылып, камсыздоо процесси тынымсыз көзөмөлдө кармалууда. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттойт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.
Кыргызстан күйүүчү майдын 90-95 пайызын Орусиядан импорттогондуктан ушул тапта Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы байкалууда. Өлкөнүн жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт.
Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, солярканын баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кыргыз өкмөтү күйүүчү майды Орусиядан башка да өлкөлөрдөн ташып келүү жолдорун караштырып жатканын айткан.
Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводуна айына 24 миң тонна бензин өндүрүү, ушул жылдын аягына чейин бул көлөмдү 50 миң тоннага чейин жеткирүү тапшырмасы коюлду. (BTo)