Биринчи кварталда чет өлкөлөрдөн 386,7 млн доллар түз инвестиция тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында (январь–март айлары) чет өлкөлөрдөн тартылган түз инвестициянын көлөмү 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34% жогорулап, 386,7 млн долларды түздү (2025-жылдын январь–март айларында 288,2 млн доллар болгон).

Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлады.

Түз инвестициянын эң көп бөлүгү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип - 93,6 млн долларды түздү. Андан кийин өнөр жай сектору турат - 90,1 млн доллар.

Аймактарга бөлүп караганда чет өлкөлөрдөн тартылган түз инвестициянын 30% Бишкек шаарына туура келип, 115,8 млн долларды түздү. Талас облусуна 80,3 млн доллар, Нарын облусуна 69,7 млн доллар жана Чүй облусуна 68,6 млн доллар инвестиция тартылган. Жалал-Абад облусуна тартылган инвестициянын көлөмү 43,3 млн доллар болду. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан күйүүчү май сатып алуу боюнча алты өлкө менен сүйлөшүп жатат“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталдыСырский Орусия Черниговго чабуул коюшу мүмкүн экенин айттыТоо-кен тармагына берилген 600дөн ашык лицензия убактылуу токтотулду“Жунда” заводуна бензиндин өндүрүшүн көбөйтүү тапшырмасы берилдиБишкекте коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулатЛицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайтКатар: АКШ менен Ирандын өкүлдөрү бул аптада Дохада жолукпайт