Өткөн жумада АКШ президентинин администрациясы Жогорку сотто кош ийгиликке жетишти. Жогорку инстанция иммиграцияга тиешелүү эки токтомун жарыялады.
Биринчисине ылайык, Чек ара кызматы башкалка сурагандарды өлкөгө киргизүүнү чектей алмакчы. Башкача айтканда, Мексиканын аймагында жүргөн мигрант АКШга келди деп саналбайт. Анын башкалка тууралуу арызын кабыл албоого уруксат берилет.
Экинчиси, "убактылуу коргоо макамы" ыйгарылган Сирия жана Гаитинин жарандарына тиешелүү. Конгресс 1990-жылы киргизген макам гуманитардык себептерден улам куралдуу жаңжал жүргөн, жаратылыш кырсыгынан же башка чукул кырдаалдан жапа чеккен өлкөлөрдүн жарандарына берилчү.
Ошол өзгөчө абал жоюлбаса, статус узартыла берет. Учурда Кошмо Штаттарда депортациядан корголгон бир миллиондон ашуун киши жашайт. Бирок Трамптын администрациясы коопсуз деп эсептеген мамлекеттердин жарандарын ал тизмеден чыгара баштады. Ушу тапта коопсуз деп Венесуэла, Ооганстан, Камерун, Непал, Гондурас, Сальвадор, Мьянма, Украина жана Ливан таанылган. Бир катар өлкөлөр, анын арасында Сирия жана Гаити жарандарына байланышкан чечимдерди федералдык соттор токтотуп турган. Дал ошол чечимдерди Жогорку сот жокко чыгарды.
Дагы караңыз
Борбор Азия+АКШ: Визалык чектөө турганда экономикалык кызматташуу мүмкүнбү?Ак үйдүн иммиграция саясатынын архитектору Стивен Миллер соттун чечимдерин кубаттап, "эми Американын эшиги башкалка сурагандар үчүн жабылганын" билдирди.
АКШ мыйзамдуу миграцияга көзөмөлдү күчөтүүдө
Мыйзамсыз миграция менен күрөштүн фонунда легалдуу миграция да кыйындады. Трамптын администрациясы ал үчүн мыйзамдарды өзгөрткөн жок. Жол-жоболор азыркылардын алкагында күчөтүлүүдө.
Эң олуттуу өзгөрүүлөргө бир иммиграциялык макамдан экинчисине өтүү жол-жобосу туш болду. Мурда визанын кайсы түрү болбосун өлкөгө мыйзамдуу кирген чет өлкөлүк жаран туруктуу жашоо уруксатын же жашыл картаны (грин-карта) алуу арызы менен АКШдан туруп кайрыла алчу. Эми болсо дээрлик бардык учурда Американын өз мамлекетиндеги консулдугуна барып, ошол жактан тапшырышы керек.
Мындай эреже быйылкы жылдын 21-майында АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын (USCIS) меморандуму менен күчүнө кирди. Документке ылайык, макамды өзгөртүү мурда автоматтуу укук болуп каралса, эми "өзгөчө укуктук коргоо чарасы" деген категорияга киргизилди. Бул тиешелүү мыйзамга каршы келбейт.
Жарандык жана иммиграция боюнча кызматынын расмий өкүлү Зак Калердин айтымында, “иммиграциялык системанын чегинде чет өлкөлүктөрдүн бардык зарыл процедуралардан өтүүсүн камсыздаган мыйзамдын түпкүлүктүү маанисине кайтып” жатышат.
“Өз өлкөсүнөн кайрылуу менен жашыл карта берүү арызы четке кагылгандан кийин АКШда мыйзамсыз калууну көздөгөндөрдү табуу жана депортация кылуу зарылдыгы азаят”, - деп бегиледи Калер.
Мындан тышкары арыз тапшырганда алынчу төлөм эки эсеге кымбаттады.
Дагы караңыз
АКШнын Кыргызстанга виза боюнча жаңы талабы: 15 миң долларга чейинки күрөөМурда жеке маектешүү айрым учурларда өткөрүлбөсө, эми миграция кызматынын өкүлү ар бири менен маектешүүгө тийиш. Анын жүрүшүндө ар кандай калп айтууну, мисалы АКШнын жараны менен жасалма никени аныктоо максаты коюлат.
Беш жыл туруктуу жашагандан кийин жарандык алуу тартиби да татаалдашты. Маектешүү эки бөлүктөн турат: тил жана жарандын укук-милдеттери боюнча тест тапшыруу зарыл.
USCIS директору Жозеф Эдлоу өткөн сентябрда жаңы сынак менен тааныштырганда: “Биз талапкерлер АКШнын жараны болуу жана бул макамды алуу эмнени билдирерин жакшы түшүнөрүнө ынанышыбыз керек”, - деп айткан.
Укук коргоочу уюмдар кызматты жаңы тестти киргизүүнү токтотууга чакырып, анча сабаттуу эмес жана улгайган талапкерлерге кыйын болорун, адилеттүүлүк принцибине көлөкө түшөрүн эскертишкен.
Эдлоу суроолор адамды ойлондурууга тийиш, "эки федералдык майрамды атагыла", "штатыңардын губернатору ким?" өңдүү суроолорго жооп берүү жетишсиз деп каршылыгын билдирген.
Социалдык тармактардагы баракчалар текшерилет
2008-жылы түзүлгөн тест 100 суроодон турчу, сынак кабыл алган кызматкер өзү тандаган 10 суроо берчү. Талапкер жок дегенде алтооно туура жооп берсе, ийгиликтүү өттү деп саналчу. Жаңысында 128 суроо бар, 20 суроонун 12сине туура жооп кайтарыш керек.
2019-жылдан бери виза алууга арыз тапшыргандардын көбү популярдуу социалдык тармактардагы ысымын көрсөтүүгө тийиш. Быйылкы февралдан тарта USCIS талапкердин гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жадагалса достошкон, бирок тааныбаган кишилердин да баракчаларын текшере алат. Чогултулган маалымат депортацияга негиз же көп жылдан кийин да сотто күнөөнү оорлотуучу жагдай катары колдонолушу ажеп эмес.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан-АКШ: Виза маселеси, банкка салынган санкция, инвестиция тартуу
Социалдык медиага байкоо салган Бреннан борборунун талдоочулары алгоритмдин жардамы менен жүргүзүлгөн мониторингдин эффективдүүлүгү төмөн, себеби маданий реалдуулуктар эске алынбайт жана тамашаны чындыктан айырмалоо кыйын деп айтышат.
Соцтармактардагы кайсы саясий жана диний билдирүүлөр терс фактор деп каралганы миграция кызматынын расмий документтеринде көргөзүлгөн. Биринчиден, “антисемиттик активдүүлүк”, экинчиден, “Америкага каршы” ойлор.
Адвокаттар соцтармактардагы баракчаларды өчүрүү “олуттуу бир нерсени жашыруу аракети” деп каралышы мүмкүн экенин эскертишет. Бирок “аккаунттарды карап чыгуу" кеңешин беришет.