Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде айтты.
Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
“Дүйнөдөгү саясий абалга, анын ичинде Орусиянын өзүндөгү кырдаалга байланыштуу биз да өзүбүздүн керектөөнү бир сыйра карап чыктык. Тыштан башка булактарды карап, ички өндүрүшкө басым кылып жатабыз. Күнүгө ички корду анализдеп, ташылып келаткан күйүүчү-майлоочу майдын көлөмүнө анализ кылып жатабыз”, - деди ал.
Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.
Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, солярканын баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланат.
Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводуна айына 24 миң тонна бензин өндүрүү, ушул жылдын аягына чейин бул көлөмдү 50 миң тоннага чейин жеткирүү тапшырмасы коюлду.
Энергетика министрлиги Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 1-июлда Орусияда бул өлкөнүн энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, кара майга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. (BTo)