3-июлда Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев Тегеран шаарында Ирандын Ислам кеңешинин мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз катчысы жолугушуу Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулганын билдирди.
Марлен Маматалиев кыргыз тарап Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга кол коюлушун чыңалууну жөнгө салууга багытталган маанилүү кадам катары баалай турганын айтты.
“Биз Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга жана Иранда жаралган кырдаалга олуттуу тынчсыздануубузду билдирип келебиз. Андыктан жаңжалга катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоого, сабырдуулукту көрсөтүүгө, кырдаалды мындан ары курчутуучу аракеттерден карманууга жана бардык талаш маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырабыз”, – деди ал.
Жолугушууда андан тышкары кыргыз-иран кызматташтыгы, быйыл Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйындары тууралуу да сүйлөшүү болду.
28-февралда Израил жана АКШ Иранга сокку ура баштаганда өлкөнүн жогорку лидери, 86 жаштагы аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнү маалымдалган. Чет өлкөлүк расмий өкүлдөр анын зыйнатына катышуу үчүн Тегеранга чогулууда.
Бир жумага созулган иш-чаралар Тегеранда башталып, Кум, Иракта уланат жана 9-июлда маркумдун сөөгү кичи мекени Мешхед шаарында жерге берилет. (BTo)