мазмуну
- "Азаттык" радиосунун кабарчылары Кыргызстандын Кант шаарында Орусиянын аскердик базасында окуучулар машыгарын, алар "Служу России" деп ант берерин жана “юнармиячылар” экенин аныкташты. Ага 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар кыз, эркек экенине карабай кабыл алынат. Алар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт.
- Ал арада Кыргызстандагы улуттук борбор, китепканалар "Жеңиш диктанты", "Географиялык диктант" акциялары менен Орусиянын пропагандасын жайылтууга активдүү салым кошууда.
“Юнармия” же кыргызчалаганда “жаш армия” деп которулган аскердик-патриоттук кыймылды Орусия 2016-жылы негиздеген. Ошол кездеги Коргоо министри Сергей Шойгунун демилгеси менен түзүлгөн долбоор Орусиянын аймагынан тышкары биринчи Кыргызстанда ошол эле жылы ачылган.
Алгач “Юнармияга” Кант авиабазасында иштеген, орус жарандыгы бар аскер кызматкерлеринин балдары кошулары айтылган. Бирок кремлчил басылмалар кыргызстандыктар да “юнармиячы” болгонун жазып чыгышкан. Алар расмий Канттагы авиабазада иштеген орус жарандарынын балдары экени айтылып келет.
"Юнармияда" канча кыргызстандык машыгып жатканы белгисиз
“Азаттыктын” кабарчысы Канттагы орус авиабазасына катардагы жаран катары баш багып, күзөтчүсүн кепке тартты.
- Саламатсызбы. “Юнармия” жөнүндө билели дегенбиз.
- Так эмнесин?
- "Юнармиядагы" балдар ушул жерде алектенишеби? Аларга кошулсак болобу? Кандайдыр эрежелери барбы? Кимге кайрылсак болот?
- Азыр чалып сурайын.
- Бул уюмга орус жарандыгы барлар гана кабыл алынат дешти. Жергиликтүү тургундарга болбойт.
- А бул жерде алектенгендер…
- Бул жер - орус авиабазасы.
- Ооба, билем. Демек, орусиялык аскерлердин балдары да ээ?
- Ооба.
- Кыргыздарды албайсыздар...
- Албайбыз.
Негизи бул жерде “Юнармия” алектенеби, алар бул жерде барбы?
Ооба.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жаш балдарды тарткан "Юнармиянын” көздөгөнү эмне?
Ошентип Канттагы “Юнармияда” канча кыргызстандык окуучу машыгып жатканын аныктоо кыйын. Аймак катуу көзөмөлдөнүп, жат кишилер киргизилбейт. Сүрөт, видеого тартууга, дрон учурууга тыюу салынат.
Бирок ачык булактардан Кыргызстандагы “Юнармия” активдүү иштеп жатканын байкаса болот. Алар жада калса Орусия Украинадан аннексиялап алган Крым аралына чейин аскердик окутуу лагерлерине байма-бай каттап турушат.
“Юнармия” кеминде 27 өлкөдө санкцияга киргизилген
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевдин айтымында, “юнармиячылар” түрдүү акцияларга катышып турушат. Бирок аскер базасынын ичине кирүү мүмкүн эмес дейт ал.
“Стратегиялык объект болгондон кийин бул жер жабык шаарча болуп эсептелет. Ал жакка киргенге эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Кандайдыр себептер менен өздөрү чакырса, алар көзөмөл пунктуна уруксат кагаз беришип, ошонун негизинде кирип-чыгуу мүмкүн болот. Алардын өздөрүнүн мектеби, бала бакчасы бар. Чиркөөсү да ошол аянттын ичинде жайгашкан. Ал жакка Орусиядан офицер, аскерлер үй-бүлөсү менен келет. Үй-бүлөсү да шаарчанын ичинде жашайт. Ата-энеси ошентип аскердик кызмат кылып жаткандан кийин балдары да ошого жакын болот окшойт. Мен билем, балдары форма кийишип, ар кандай иш-чараларга катышып калышат. Көрүп калабыз. Алар коомдук кыймыл да. Аялдары өздөрү аскердик шаарчанын ичинде уюштуруп алышкан. Коомдук ар кандай ишембиликтерге, акцияларга катышат. Аскердик шаарчанын ичинде эле эмес, Кант шаарындагы баатырлардын эстелигин жыл сайын карап турушат. Баары өздөрүнүн каалоосу менен да".
Бишкектен 20 чакырым алыстыктагы Кант шаарынын жогору жагында жайгашкан орусиялык аскердик база 2003-жылы ачылган. Ал эски аскер аэродромунун ордунда түзүлгөн. Базанын расмий милдети – Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскер бөлүктөрүнүн операцияларына абадан колдоо көрсөтүү экени белгиленген. Ошондой эле, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагынын жана аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо деп айтылган. Кыргызстандын аймагындагы Орусиянын башка аскерий объектилери менен бирге бирдиктүү база катары иштеп келет.
Кремл Украинага согуш ачкан алгачкы учурда орусиялык аскерлер дал ушул Канттагы авиабаза аркылуу жөнөтүлгөнү маалым болгон.
Дүйнө коомчулугу Орусиянын “Юнармиясы” жаш балдардын аң-сезимин мажбурлап аскерлештирип, согушту пропагандалайт деп кескин сындап келет. Буга “Юнармиянын” Орусия басып алган украин аймактарындагы активдүү иштеп жатканы себеп. Аны менен катар “юнармиячылардын” алды согушка аттанып, каза болгон учурлар катталган.
Аталган кыймыл Евробиримдиктеги 27 өлкөнүн, Канада, Улуу Британия, Австралиянын санкциясына киргизилген.
Дагы караңыз
Орусия "Юнармияга" кирген өспүрүмдөрдү согушка салабы?Украинадагы согушта 12 миң “юнармиячы” жүрөт
“Юнармия” тууралуу иликтеген журналист Наталия Неделько Украинада 12 миң “юнармиячы” орус аскерлеринин катарында согушуп жатканын айтып берди:
“Юнармия” - Орусиянын таасиринин куралы. “Юнармия” - орус маданиятын, “русский мирди”, орус армиясын ашкере даңазалоону жакынкы өлкөлөргө жайылтуу куралы. Кандай айтсак да бул албетте, кооптуу көрүнүш. “Юнармияда” даярдыктан өткөн 12 миңдей адам азыр Украинага каршы согушта жүрөт. Бул сан улам өсүп баратканы сыр эмес. Каза болгон “юнармиячылар” да бар. Алардын арасында Орусия оккупациялап алган аймактардын жарандары бар-жогун аныктай албадык. Бирок алар орусиялыктар экени чындык. Согуштагы “юнармиячылар” тууралуу маалыматтар коомчулукка ачык жарыялана бербейт. Ошондуктан азырынча аны аныктоо кыйын. Бирок бул согушта “юнармиячылар” каза болгону тууралуу маалыматтар чын”, - деди “Азаттыктын” “Донбасс Реалии” долбоорунун журналисти Наталия Неделько.
Ал арада Кыргызстандагы “юнармиячылардын” алты-жети жаштагылары да аскер өтүгүн кийип алып, кыргыз жаштары чогулган борборлорго байма-бай каттап, Орусиянын согуш пропагандасын жайылтуу менен алек. Мындай аскердик кыймылдын Кыргызстандагы максаты эмне?
“Муну менен Орусиянын таасирин өз аскерлеринин балдарына гана эмес, жалпы Кыргызстандын өспүрүмдөрүнө күчөтүү аракети жүрүп жатат. Анткени алар ишмердүүлүгүн Кант авибазасынын ичинде гана жүргүзүп жаткан жок. Алар жада калса филармонияда, чоң аянтчаларда жүргүзүп келген. Мен бул боюнча Фейсбукка да жазгам. Ал жерде орус аскерлеринин балдары гана эмес, кыргыз балдар да жүргөнүн көрүп жатабыз. “Юнармияда” орусиялыктар гана бар экенине менин шегим бар. Алар комплекстүү иш алып барып жатат. Балдарды аскердик көндүмдөргө гана үйрөтпөй, оюн-зоок, ыр аркылуу бурушууда. “Номад ТВ” да ушул багыттагы иш-чараларды өткөрүп жатат. Анткени улуу муун көбүнчө Орусияга ыктаса, орто жана өзгөчө жаш муун Батыштын маданиятына сугарылган, ошол жакка кеткиси келет. Ошондуктан Орусия бул муунду колдон чыгарбай, өз карамагына алууга аракеттенип жатат деп караш керек. Кытай сыяктуу тилге эле басым жасабай, идеологияга, пропагандага абдан чоң көңүл буруп жатат. Украинадагы согуштун фонунда бул демилге Борбор Азия мамлекеттеринде ого бетер күчөдү”, - деди саясат талдоочу Адил Турдукулов.
Быйыл жыл башында бул “окуучу-аскерлер” Бишкектеги “Сейтек” борборунда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Ленинград шаарынын бошотулган күнүн белгилешкен. “Юнармиячылар” катышкан иш-чарада келгендерге кара нан жана согуштук символдор - тасмалар таркатылган. Ошентип орус “юнармиячыларынын” кадамы Кыргызстандагы улуттук борборлорго чейин жетти десе болот.
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Эрик Латыпов бул иш-чара "Россотрудничество" агенттиги менен чогуу уюштурулуп, аскердик кызыл шапке кийген “юнармиячылар” жөн гана көрүүчү болгонун билдирди.
“Бул иш-чара "Россотрудничество" агенттиги менен биргеликте уюштурулган. Бизде Ленинград блокадасын көргөн ардагерлер кеңешинин мүчөсү бар. Ал теги кыргыз Кутанов Марат, мектептер менен кызматташат. Алар бизге кайрылып, “Ленинград блокадасындагылар бар, карылар, ошолорго жакшы концерт бергиле” дешти. Кызыл шапкечендер боюнча аларды алып келген мектепке кайрылыш керек. Алар концертке катышкан жок. Алар көрүүчү гана болду, ошол нандарды таратышты. Сахнага чыгышкан жок. Сахнада биздин борбордун балдары жүрдү”.
Дагы караңыз
Жүздөгөн студентти чогулткан медиа мектеп: "Жылма пропаганданын" карааныбы?Диктант акциялары Орусиянын тарыхын таңуулайбы?
“Юнармия” Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн бир гана жаштарга аскер формаларын кийгизип, машыгууларды өткөрүү эле эмес, орус тарыхы менен географиясын жайылтуу аркылуу да жүргүзөт. Маселен, соңку жылдары Кыргызстанда “Жеңиш диктанты”, “Географиялык диктант”, “Тоталдык диктант” акциялары утур-утур өткөрүлө баштаган.
Мындай диктант иш-чараларын Кремлден каржыланган “Русский дом”, “Россия с вами” сыяктуу уюмдар уюштурат. Диктант деп аталганы эле болбосо, катышуучуларга жооптордун варианттары камтылган тест барагын беришет.
“Азаттык” мындай акцияларга катышкан мугалимдердин айрымдары менен байланышканда, андагы суроолордун дээрлик баары Орусиянын тарыхын, географиясын камтый турганын айтышты. Арасында кээде Кыргызстан тууралуу да суроолор кошулуп, соңунда катышуучуларга кызыктыруучу белектер берилет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Татарстандa дрон чабуулунан кыргызстандык жабыркады
Саясат талдоочу Адил Турдукулов орус пропагандасынын билимге багыт алганы абдан кооптуу көрүнүш дейт:
“Орус пропагандасы билим багытына басым жасап жатат. Бул абдан кооптуу көрүнүш. Жакында аймактагы мектептердин биринин директору менен сүйлөшүп калдым. Ал сыймыктануу менен “эң жакшы окуган бүтүрүүчүлөр Татарстандагы “Алабуга” компаниясында дрон чогултуп, IT адиси болуп иштеп жатат” деп айтты. Бул эмнеден кабар берет? Болбосо ачык булактарда турат, “Алабуга” Украинага багытталчу дрондорду чогултат. Ал жер кооптуу. Анткени Украина тарапка ал жер маалым жана аны жок кылууга аракет жасайт. Биздин балдардын бөөдө өлүмгө кабылуу коркунучу бар да. Билимдүү делген директор ушуну билбегенден кийин өспүрүмдөрдү кантебиз? Бул маалыматтык саясат жүргүзүлбөгөнүнөн кабар берет. Муну улуттук коопсуздукка түздөн-түз кесепети тие турган белги деп билсек болот”.
Орусиянын таасирин жайылтуучу мындай акциялар азыр аймактардагы мамлекеттик китепканаларда өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын сайтында Кыргызстандагы айрым университеттер да аларга аянтча болуп жатканы көрсөтүлгөн. Ага ар кандай курактагы мектеп окуучулары жана студенттер катышат. “Азаттык” ошондой акциялардын биринин жеңүүчүсү менен байланышты.
“Ал диктантка коллеждеги кыргыз тил мугалимибиз алып барган. Биз атайын баралы деп деле ойлогон эмеспиз. Барсак эле каттоого ала башташты. Баарыбызга бирден барак таратып, “белгилеп берип койгула” дешти. Тестти белгилеп, берип койгонбуз. Экинчи дүйнөлүк согуш боюнча жаздык. Бизге диктант деп айткан, бирок тест сыяктуу экен. Бир жумадан кийин бизге жазып, “диктантыңар туура жазылыптыр, сертификат берели дегенбиз, келип алып кеткиле” дешти. Каршы болгон жокмун, макул деп барып алып кеттим. Бизге китепкананын атынан деп кофе үчүн идиш берген”, - деди Акбермет (аты өзгөртүлдү).
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Онлайн оюн аркылуу кызымды Орусияга азгырышты”
Акбермет (аты өзгөртүлдү) мындай иш-чараларга эми тынымсыз катышып турарын айтты. Келечегин Орусиядан көрө баштаганын, ошол өлкөгө окууга тапшырууну кыялданып жатканын жашырган жок.
Ал эми Кыргызстандагы китепканалардын биринин директору диктант иш-чараларынын максаты - өлкөнүн өтмүшүнө жаштардын кызыгуусун арттыруу деп билдирди:
“Акциянын максаты - тарыхтын айрым учурларын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Билбесе диктант жазып жатып, билип алышат. Биздин ата-бабалардын унутулган баатырдыгы жөнүндө жаңы маалыматтарды билүү. “Жеңиш диктантында” ушундай. Бул дайыма жалпысынан жакшы максатта жасалат. Билим берүү максатында гана. Бардык диктанттар, “Географиялык” да, “Тоталдык” да жаңы билим алуу үчүн өткөрүлөт. Окуучулар, студенттер катышат. Мисалы, “Жеңиш диктантында” эң кичинекей катышуучу жетиде, эң улуусу 63 жашта болгон”.
Дагы караңыз
Орусия Кыргызстанда телеканал ачты: Шордун карааны, Симоньяндын сүрөөнүДиктант акцияларына казак коомчулугу каршы чыккан
Диктант акцияларын Орусия төрт жыл мурда Казакстанда да жайылтууну көздөгөн. Бирок иш-чаранын жарыясы чыгары менен казак коомчулугу кескин реакция кылып, муну көз карандысыз мамлекеттин аймагында башка өлкөнүн агрессиялык аскердик саясатын пропагандалоо деп баалашкан.
Ал арада "Россотрудничество" агенттиги 2025-жылы “Жеңиш диктантын” Кыргызстандагы 70 аянтчада, 27 шаар-айылдарда өткөргөнүн маалымдады.
“Эгер жаңы муундун орус аскер саясатына азгырылышына жол койсок, анда Украинадагы согушка көбү азгырылып кетет. Бул өспүрүмдөр 18ге чыгат, Орусияга барат. Кремлдин идеологиясына, анын ичинде согушка тартыла баштайт”, - деди саясат талдоочу Адил Турдукулов.
Ошентип “Юнармия” кыймылы, диктант акциялары Орусиянын Кыргызстанда өз идеологиясын сиңирүү аракетинин дагы бир далили болуп калды. Бул иштердин арты менен кыргыз жаштарынын аң-сезимине Орусиянын согуштук, агрессиялык саясаты калыптанабы деген суроо ачык бойдон турат.
Кыргызстандын бийлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка карата бейтарап позицияда экенин жарыялаган.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.