Ирандагы аза күтүү: Атасынын ордун басчу Можтаба Хаменеи кайда?

Ирандын маркум жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн табыттары салынган автоунаа Тегерандын көчөсүндө баратат. 6-июль, 2026-жыл.

Ирандын мурдагы жогорку лидери, өлкөдө дээрлик 40 жыл темирдей бийлик орноткон аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты уланууда. Маркумдун үч уулу Тегеранда атасынын жаназасында турганын Ирандын телеканалы көрсөттү. Бирок атасынын ордун басчу уулу Можтаба Хаменеи ага катышкан жок.

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи жекшембиде атасы, Ислам жумуриятынын мурунку руханий көсөмү, аятолла Али Хаменеинин жаназасы окулуп жаткан учурда да эл алдына чыккан жок.

Бул аза күтүү зыйнаты Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин соккусунан каза болгондон төрт айдан кийин өтүп жатат.

Мамлекеттик маалымат агенттиктери жаназа намазы үч баскычта окуларын кабарлаган. Алгач Али Хаменеиге багышталып, андан соң ошол эле соккуда каза болгон анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын ичинде кызына, келини - Можтаба Хаменеинин жубайы Захра Хаддад Аделге жана 14 айлык небересине дуба окулмак.

Атасынын өлүмүнөн көп өтпөй Ирандын жогорку лидери болуп дайындалган Можтаба Хаменеи салт боюнча атасынын жаназа намазын жетектеши керек болчу. Талдоочулар мындай салт бийликтин мыйзамдуу өткөрүлүп берилгенин көрсөтмөк деп эсептешет. Бирок Можтаба Хаменеи Тегерандагы тажыяга катышкан жок.

28-февралдагы чабуулда жаракат алганы айтылгандан бери Можтаба Хаменеи коомчулук алдына чыга элек. Андан бери анын дагы аудио же видео кайрылуусу жарыяланган жок. Мындан улам анын ден соолугу жана жогорку милдетти толук аткара алабы деген суроо жаратууда.

Дагы караңыз

Иран: Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Ирандын бийлиги Можтаба Хаменеинин атасынын тажыясына катышпаганын коопсуздук маселелери менен түшүндүрдү. Бирок Ислам Республикасынын дээрлик бардык жогорку жетекчилеринин аза күтүүгө катышканы Тегеран коопсуздук чараларына жетиштүү деңгээлде ишенгенин көрсөттү.

Жаназага президент Масуд Пезешкиан, парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф, ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командирлери жана Ирандын чет өлкөлөрдөгү аскердик жана жашыруун операцияларын көзөмөлдөгөн «Кудс» күчтөрүнүн жогорку офицерлери катышты.

3-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Тегеранга сөөк коюу зыйнатын өткөрүү үчүн "бир жумалык тыныгуу" бергенин, андан кийин Иран менен алкактык тынчтык келишимин ишке ашыруу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр кайра жанданышы мүмкүн экенин айткан.

5-июлда Али Хаменеинин башка үч уулу - Мустафа, Масуд жана Мейсам Хаменеи атасынын табытынын жанында турушту. Алардын баары согуш башталгандан бери коомчулуктун көзүнө көрүнбөй калган эле.

Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу жана аза күтүү иш-чаралары Иран менен Ирактын бир катар шаарларында алты күн бою уланат. Маркумдун сөөгү 9-июлда анын туулган шаары Мешхедде жерге коюлат.

Дагы караңыз

Согуш шартында Иранда нан кымбаттап, жумушсуздук күч алды

4-июлда Тегеранда өткөн коштошуу зыйнатынын биринчи күнү күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен коштолду. Шаарга көп сандаган коопсуздук күчтөрү тартылып, 5-июль өлкө боюнча расмий эс алуу күнү деп жарыяланган.

Бийлик жакынкы күндөрү өтө турган иш-чараларга миллиондогон адамды тартууга аракет кылууда. Бул үчүн зыяратчыларга акысыз транспорт, тамак-аш жана жатак жайлар уюштурулуп, жалпы элдик аза күтүүнүн ишараты жасалууда.

Бул маалда парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф ХАМАС кыймылынын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) өкүлү Мохаммад Дарвиш менен жолугушту.

Ирандын мамлекеттик медиасынын кабарына караганда, Галибаф Иран АКШ менен тынчтык мамиледе эмес экенин жана Израилди тааныбай турганын билдирген. Ошол эле учурда ал АКШ менен Ирандын ортосундагы алкактык келишимди ишке ашыруу канчалык татаал болсо да мүмкүн экенин белгилеген.

Иран мамлекеттик медиасы билдиргендей, Тегерандагы жаназага ХАМАС, "Хезболла", хусилер жана Иран колдогон башка куралдуу топтордун өкүлдөрү да катышты.

Дагы караңыз

Трамптын Иран менен макулдашуусу жана 2015-жылкы өзөктүк келишим

Ал арада аймактагы коопсуздук маселеси дагы эле курч бойдон калууда. Деңиз соодасынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн Улуу Британиянын уюму (UKMTO) 5-июлда Йемендеги Ал-Худайда портунан түштүк-батышты карай болжол менен 30 деңиз милл жерде белгисиз куралчан адамдар жүк ташуучу кемеге кол салганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Кеме кырсык тууралуу белги берген, учурда окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. UKMTO бул аймактан өткөн кемелерге этият болууга жана шектүү аракеттер тууралуу дароо маалымат берүүнү эскертти.

Ошол эле күнү орусиялык "Интерфакс" агенттиги Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, Иран маселесин талкуулаганын кабарлады.

Кремлдин маалыматына ылайык, Путин АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр жаңжалды жөнгө салуу үчүн эки тарапты тең ынандыра алчу, узак мөөнөттүү чечимдерге жол ачат деген үмүтүн билдирген.

Ак үй азырынча бул телефон сүйлөшүүсү боюнча өзүнүн расмий маалыматын жарыялай элек.