"Берене бир, чечим эки башка". Пробация Ташиевден башкаларга да иштейби?

2-июлда сот Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишини бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп таап, бирок пробация менен эркиндикке чыгарган

Өткөн аптада “75чилердин каты” боюнча иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация менен эркиндикте калганы талкууга түштү.

Алар соттун өкүмүнө каршы кийинки инстанцияга арызданарын айтып жатышат. Анткен менен активисттер жана юристтер мындай гумандуу чечим буга чейин пикири үчүн камалгандарга да колдонулушу керек деген пикирде. Пробациялык көзөмөл чарасы саясий жагдайды жөнгө салуучу куралга айландыбы деген суроо да кабыргасынан коюулууда.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз кишини бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп күнөөлөп, төрт жылга кесүү чечимин чыгарды. Бирок жаза катары үч жылдык пробациялык көзөмөл чарасын колдонуп, айыпталгандардын баары эркиндикте калды.

Атамбаевдин дооматы

Соттун чечиминен көп өтпөй массалык башаламандыкка шектелип, былтыр ноябрдан бери абакта жаткан Кадырбек Атамбаев жабык жайдан кайрылуу жолдоду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу соңку жагдайларды кош стандартка теңеген.

"Мисалы "75чилердин катына" байланыштуу иш бир айда эле тергелип бүттү. Ал эми Темирлан Султанбеков экөөбүздүн ишибиз жети айдан ашык убакыт тергелди. Бул тарыхый адилетсиздик. Мен Максим Бакиев же Айдар Акаевдей эмесмин, банк ачып же бизнести рейдерлик менен тартып алып, эл аралык мафиялардын акчасын алып, чайкоочулук кылганым жок. Бирок ага карабай мен сегиз айдан бери таракан жана канталага толо тергөө абагында отурам. Ошол эле учурда Максим Бакиев өлкөгө (Кыргызстанга) ээн-эркин кирип чыгып, Ширшов өз фондун ачып жатат".

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы Атамбаевдин тергөө изоляторундагы мыйзамсыз аракеттер тууралуу айтканын төгүндөп, жабык жайда коопсуздук, адам укуктары сакталарын белгиледи.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да былтыр ноябрда бийликти күч менен басып алууга даярдыкка шектелип кармалып, ошондон бери абакта. Ал өзүнө коюлган айыпты четке кагып келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пробациялык көзөмөл кимге колдонулат?

"Адилетсиздик болду"

Кыргызстанда соңку жылдары массалык башаламандык, бийликти күч менен басып алууга аракет жана улут же аймак аралык кастыкты козутуу деген айып менен иш козголуп, абакка кесилген учурлар көп катталды. Талдоочулар мындай иштердин көбү бийликке сын айткан же пикирин эркин билдиргендерге каршы козголгонун белгилеп келишет.

Мындай жагдайга туш болгондордун тизмеси узун. Маселен, 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу өлкөгө өтүп жатканына каршылык билдирген отуздай саясатчы, укук коргоочу жана активист кармалып, алды дээрлик эки жылча камакта отурушту. 2026-жылдын мартында Бишкек шаардык сотунда көпчүлүгү акталышты.

Мындан сырткары Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2023-жылы өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. 2024-жылы долбоорлордун 11 журналистижапырт кармалды. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган. Абакка кесилгендерден Азамат Ишенбеков былтыр апрелде президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкса, долбоорлордун жетекчиси Махабат Тажибек кызы быйыл мартта эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошотулду.

2025-жылы 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту KLOOP, Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

Дагы караңыз

"Президенттик шайлоого байланыштуубу?" Күч органдарындагы кадрдык алмашуу

Кылмыш иши козголгон активисттердин жана журналисттердин жактоочусу болгон Акмат Алагушев мындай көрүнүштү адилетсиздик деп мүнөздөп, "75чилердин" катына чыккан чечим укуктук прецедентке айланып кетерине кошулбай турганын айтты.

“Албетте, бул адилетсиз десем болот. Анткени берене оор болгону менен кандайдыр бир кылмыштын курамы жок. Алар сын-пикир айткан, бийликке жакпаган билдирүү кылган. Бирок кадайдыр бир кастыкка чакырган жок. Ошондой эле 278-беренени башаламандыкка чакырууну алсак... Көбү ушунун 3-бөлүгү менен соттолуп жатат. Жалпы алганда башаламандык болгон жок. Ал тургай митингдер болгон жок. Прецедент деп жатпайсызбы, бизде прецеденттик укук жок. Ошондуктан бир ишке карап калган соттор да ошол жолго түшкөнгө кажет жок. Бул эми түздөн-түз саясий иш”.

Бир берене, эки башка чечим

Быйыл июнь айында өлкөдөгү окуяларга пикирин ачык билдирип, айрым учурда бийликти сынга алган активист Мавлян Аскарбеков кармалды. Улуттук коопсуздук комитети аны кастыкты козутууга айыптап, сот эки айга камакка алган. Ушул көрүнүштөр менен Ташиевге берилген жазаны салыштыргандар болууда.

Ташиевдерге коюлгандай эле "бийликти күч менен басып алууга аракет" деген берене менен кармалган ишкер Имамидин Ташовго райондук сот 9 жылдык абак жазасын берип, мүлкүн мамлекетке чегерүүнү чечкен. Учурда анын иши шаардык сотто каралууда. Ал 2024-жылы апрелден бери камакта. "75чилердин каты" боюнча чыккан чечимди ишкердик адвокаты Асел Аргымбаева да сынга алып, өзүнүн жактоосундагы Ташовдун ишин мисал келтирди.

“Бул кырдаалда, иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Ташовдо төңкөрүшкө даярдык көрүлгөндүгү тууралуу айныгыс далилдер болгон эмес. Ага карабастан, сот муну “өзгөчө оор кылмыш” деп таап, Ташовго узак мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү чоң жаза берди. Ушундай эле айып тагылган Имамидин Ташовдун 9 жылдык абак мөөнөтүнүн фонунда бул өкүм мыйзамдын кээ бирөөлөр үчүн ашкере катаал колдонуларын, ал эми башкалар үчүн түз эле сот залынан кайра жазыларын же көзгө илбей көмүскөдө калтырарын ачык көрсөткөн демонстрация сыяктуу болду”.

Мындан улам коомчулукта оор кылмыш менен айыпталып абакта жаткан активисттердин, саясатчылардын иши эмне болот деген суроо турат. Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев мындай деди:

“Эгер ушул кейске пробация сыяктуу чараларды колдонгондон кийин окшош эле жагдайда абакта отургандардын иши да кайра каралып чыгышы керек. Себеби соттун чечимдери Кыргызстанда укуктун бир булагы. Бул да тажрыйбадан келип чыгып жатат”.

Дагы караңыз

"75чилер каты": Талаштуу видео интернетке кантип тарады?

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жарандардын укугун, сөз эркиндигин сактоого чакырып келет.

Бийлик бул баалуулуктар корголуп жатканын белгилеп, жарандардын жоопкерчилиги да унутулбашы керек деген риториканы колдонуп жүрөт.