"Башым көп ооручу болду". Аскат Жетиген абактан кат жазды

Аскат Жетигендин абактан жазган каты

Жаза аткаруу кызматы 2024-жылдан бери абакта отурган акын Аскат Жетигендин саламаттыгы начарлап кеткенин четке какты. Мунун алдында акындын темир тор артынан жазган каты делген билдирүү соцтармакка жарыяланып, анда Жетиген башы көп ооруп жатканына даттанган. 

Ырчы, комузчу жана композитор Аскат Жетиген №27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Анын жаза мөөнөтү август айында аяктайт. Жакындары анын абалына кабатыр болууда. Акын бийликти кескин сындаган видео кайрылууларды жарыялап жүрүп камалган. Сот аны «бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси менен үч жылга эркинен ажыраткан.

Жетиген сотто өкүм угузулгандан коюлган айтыпты четке кагып, "алдыда акыйкаттын соту бар" деп айткан. "Сот азыркы бийликтин буйругун аткарып, ошолордун камчысын чапкан сот. Бирок бул акыркы сот эмес. Чыныгы сот акыреттик сот, ошол жерден көрүшөбүз", - деген.

Жекшемби күнү Жетигендин абактан жазган каты укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Укук коргоочу кат колуна акындын адвокаты аркылуу тийгенин билдирди.

«Убакыт азайган сайын күндөр жай өтүп жаткандай сезилет. Негизинен абалым жакшы болгону менен, ден соолугум начарлап жатат. Балким күндүн ысыгынан, балким тамак-аштын жетишсиздигинен болсо керек. Акыркы убактарда башым көп ооручу болду», - деп жазган акын темир тор артынан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акын Аскат Жетиген абактан кат жазды

Жетигендин адвокаты Акынек Ногоев жакында эле абакка барып, ырчы менен жолугуп келиптир.

“Ооба, Аскат Жетигенге жолугуп чыккан. Ал мага кат жазып берген. Үч жылдан бери абакта отурат, бул, албетте, ден соолукка таасир этет. Тамак-ашынын сапаты, эркиндиктин жоктугу, өзүнчө режим бар. Анан кандайдыр бир кысым да болушу мүмкүн. Мунун баары чогулуп келип, ден соолугуна таасирин тийгизген. Анын кыйналып жатканы өңүнөн эле байкалып турат”, - деди адвокат.

Буга улай эле Жаза аткаруу кызматы билдирүү таратып, Жетигенге планга ылайык медициналык-профилактикалык кароо жүргүзүлгөнүн жана ал ден соолугу тууралуу эч кандай даттанбаганын билдирди.

“Бүгүнкү күндө соттолгон Аскат Жетигендин саламаттыгы канааттандырарлык. Ал медициналык бөлүмгө ден соолугу боюнча даттануу менен кайрылган эмес. Аскат Жетиген уулунун саламаттыгы начарлап жатканы жана ачка калып жатканы тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Дагы караңыз

Аскат Жетигенди айып изоляторунан чыгарган коомдук талкуу

Жаза аткаруу кызматы камактагылардын тамак-ашы өкмөттүн токтому менен бекитилген талаптын негизинде берилерин, соттолгондор күн сайын үч маал ысык тамак менен камсыздаларын маалымдады. Мекеме Жетиген да башкалар сыяктуу эле үзгүлтүксүз тамак ичип жатканын белгиледи.

Ошондой эле мекеме соттолгондорго сырттан азык-түлүк киргизүүгө чектөө коюлбаганын, Аскат Жетиген жакындары жөнөткөн азык-түлүктүн баарын алып турарын билдирди.

Акындын эркинен ажыратылганына эки жылдан ашты. Убактылуу кармоочу жайда өткөргөн күндөрүн кошкондо анын жаза мөөнөтү ушул жылдын 19-августунда аяктайт. Жакындары анын боштондукка чыгышын күтүп, кабатыр болуп турушат.

“Эмне болуп, кандай күнөө менен ошол жакка түшүп калды деген суроолор көп. Баланын темир тор артында отурушу ата-эне үчүн, албетте, оор. Кармалгандан кийин барып көргөм. Мынчалык узак мөөнөткө соттолот деп ойлогон эмесмин. Айып пул салынып эле иш бүтөт го деп жүргөм. Кийин сот отурумдарынын алдында кайра-кайра келип жүрдүк”, - деди акындын апасы Мира Тойгонбаева.

2024-жылы райондук сот Аскат Жетигенди «массалык баш аламандыкка чакыруу» беренеси боюнча актаган, бирок «бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси менен үч жылга эркинен ажыраткан.

"Айыптоо тараптын негизги жүйөсү «Манас Айкөл» аттуу аккаунттан жарыяланган пост болгон. Бирок ал пост бизге да, коомчулукка да көрсөтүлгөн эмес. Жактоочу тарап анын мазмунун билбейт. Бүгүнкү күнгө чейин Жетиген так кайсы аракети үчүн соттолгону көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калууда", - деди акындын адвокаты Акынек Ногоев.

"Айрымдар Аскатты УКМКнын ошол кездеги жетекчисин катуу сындаганы үчүн соттолгон деп санашат. Бирок сөз ал жөнүндө эмес. Сот аны 2022-жылы жарыяланган кайсы бир публикацияга байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Ал публикациянын өзүн бизге көрсөтүшкөн эмес”, - деди адвокат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактагы акын Аскат Жетиген сотко даттанды

“Ток менен бир сааттай кыйнашты"

2024-жылы жазында Жетиген кайра кармалгандан кийин кыйноого кабылганын, бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын сотто туруп айткан.

"20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу", - деди Жетиген сот залында.

Акындын адвокаты Самат Матцаков бул билдирүү боюнча тиешелүү органдарга арыз берилип, экспертизалар дайындалганын "Азаттыкка" билдирген.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын. Ал 18 жашында «Ордо-Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, чыгармачыл жамаат менен бирге дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүн кыдырган. 2021-жылы жеке концертин өткөргөн. Анын «Зарыкканда» жана башка бир катар ырлары эл арасында кеңири белгилүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Залкарлардын колунан тарбия алгам"

Акын Самара Токтакунованын, Нурак Абдрахмановдун, Зайнидин Иманалиевдин, Кенже Кубатованын колунан таалим алып, улуттук өнөрдүн улуу көчүн тартууга кошулган. Көпчүлүк ал камакка алынгандан кийин чыгармаларын социалдык тармактардан издеп, угуп, анын талантын баалаганын жазды.