Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Аскат Жетигендин арызы: ЖАК кыйноону четке какты, УКМК унчуга элек


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

Аскердик прокуратура учурда №1 тергөө абагында отурган акын жана активист Аскат Жетигендин атайын кызматтын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу арызын териштирип бүтө элек.

Акындын кыйноого кабылганы жөнүндө прокуратура органдарына 9-апрелде эле кайрылганы 23-майда башталган соттук отурумда белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек. Жаза аткаруу кызматы акын тергөө абагында кыйноого учурабаганын билдирип, Жетигендин буга байланыштуу катын жарыялады.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Аскат Жетигендин кыйноо тууралуу арызын Аскердик прокуратура териштирип жатат. Анын негизинде дайындалган тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек, качан даяр болору азырынча белгисиз.

Аскат Жетиген март айында кармалганда УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын 23-майда сот процессинде билдирген. Анда кечирим суроону талап кылышканын айтып берген. Ал буга байланыштуу Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.

“20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу”, - деген Жетиген.


УКМК бул билдирүү тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек. Жаза аткаруу кызматы болсо акын №1 тергөө абагында кыйноого тушукпаганын маалымдаган. Жетигендин ага “каршы күч жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы” жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөсүн жарыялаган.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Аскат Жетигенден кыйноого кабылганы тууралуу 9-апрелде арыз түшкөнүн бышыктаган.

Адвокат Агзам Дүйшөналиевдин билдиришинче, тиешелүү экспертизалардын корутундусу бир айга чейинки убакытта чыгышы керек болчу. Ал өз тажрыйбасына таянып, Кыргызстанда кыйноо фактысын тергеп-иликтөө, аны сотко жеткирүү, күнөөлүүлөрдү аныктап жазага тартуу өтө кыйын экенине токтолду:

"Эгерде ал Аскердик прокуратурага кайрылса, арыз катталып, ошол арызды жазган адам, анда көрсөтүлгөн кызматкерлер дагы суракка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалышы керек. Эгер экспертизалардын жыйынтыгы кечигип, чыкпай жатса, анда прокуратура органдары эксперттерге кайрылып, эмнеге создуктурулуп жатканын сураш керек болчу. Экспертиза негизинен 10 күндөн бир айга чейинки аралыкта эле чыгышы керек. Мыйзамда ошондой. Мен кыйноо фактысы боюнча көп иштерге катышып жатам. Мисалы, 20-30 ишке кайрылсам, анын ичинен сотко жетип, өкүм чыкканы менин жеке тажрыйбамда экөө эле. Бир иш Баткенде болгон, төрт милиция кызматкерине айып коюлган, ошолордун бирөө гана жоопко тартылып, тийиштүү мөөнөткө кесилген. Мындай фактылар териштириле баштаганда, күч органдары тарабынан ар кандай тоскоолдук жаралат. Баткендеги окуяда, мисалы, айыпталуучу тарап жабырлануучуларга алгач акча сунуштаган, андан баш тарткандан кийин коркутууга өткөн. Кыйноого барган адамдар ошол кылмышты ачтырбай коюуга, жашырганга, далилдерди жок кылганга мүмкүнчүлүгү бар".


Активист Алга Кылычев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, беш ай №1 тергөө абагында отурганда кыйноого кабылганын айтып келет. Анын пикиринде, кыйноого жол берилген учурлар токтобой, күнөөлүүлөр дээрлик жазасыз калууда:

Алга Кылычев.
Алга Кылычев.

"Мындай окуянын болгону такыр туура эмес, кечээ угуп алып аябай өкүндүм. Мен саясий негизде айып тагылгандарды сындыруу ыкмалары токтосо керек деп ойлогом. Ушундай окуялардын болуп жатканы мамлекетке да, мамлекет башчыларына да абийир алып келбейт. Аскаттын иши боюнча айтсам, кыйноо фактысын аныктаган экспертизанын чыгарына көзүм жетпейт. Камакта жаткан адам эмес, эркиндикте жүргөн адам деле кыйноого кабылганын далилдей албай калган учурлар болот. Мисалы, өткөндө желек маселесине байланыштуу УКМК кызматкерлери мени алдап чакырып алып, бир аз күч колдонгон. Мен мыйзамдын негизинде Аскер прокуратурасына арыз жазгам. Эч кандай далил табылган жок, ана-мына деп туруп арызымды кыскартып койду. Абакта эмес, эркиндикте жүргөн адамга жасалган мамиле ушундай болуп жаткандан кийин, башкасын айтпай эле коёюн".

Алга Кылычев желек маселесине байланыштуу ушул жылдын башында УКМКга сүйлөшүүгө барганын билдирген. Ага күч колдонулганы тууралуу маалыматтарга атайын кызмат жооп берген эмес.

Атайын кызмат Аскат Жетигенди алгач аны 16-мартта Кочкордон кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы айтылган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны камакка алган.


Деген менен Аскат Жетигендин камалышы, анын атайын кызматтын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү айрым өнөр адамдарын санаага салды. Алардын бири ырчы Суран Садыбакасов абакта отурган акынды элге, өлкөгө, маданиятка күйгөн инсан катары сыпаттады:

"Ал биринчи камалганда, социалдык тармактардын баарынан кайрылуу жолдоп, тилектештик билдирип чыкканбыз. Ошол суранычыбыз эске алындыбы же кандай болду, айтор, бошоп чыккан. Анан дагы кайрылуу жолдоп кайра камалды. Биз эми соцтармактарга жазып, колубуздан келишинче сурандык. Алдыда кандай болот деп мен деле санааркап күтүп жатам. Оң жагына чечилип, абактан чыгып кетишин тилеп жатам. Мен аны жакындан тааныганыма эки жылдын аралыгы болуп калды. Сүйлөгөн-турганы баары орундуу, жакшынакай, өзү таланттуу, музыкалык билими аябай мыкты, сабаттуу, билимдүү бала. Мен деле ага эки-үч жолу эскерткем, саясаттын кереги жок, эмне кыласың, тагдырыңа бөөдө балта чабылып калат, кудай сага талантты ченебей берип атса деп айткам. Биздин маданият тармагында мүчүлүштүктөр, жетишпеген нерселер көп. Аны баарыбыз эле сезип, билип турабыз. Аскаттын оюн деле түшүнүп турам. Ал өзүнүн өзгөчө долбоорлорун жакшы жол менен жеткире албай калды окшойт".

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган. Биринчиси - 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен тергелген. Экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” баштаган бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG