ЖАМК Алга Кылычовдун айып изоляторуна киргизилген себебин айтты

Алга Кылычов

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, №27 абакта камалып жаткан Алга Кылычов айып изоляторуна киргизилгени боюнча маалымат таратып, буга түшүндүрмө берди.

Мекемеден белгилешкендей, соттолуучу жаза өтөө маалында ички тартиптин эрежелерин көп жолу бузган, ошого жараша ага дисциплинардык чара колдонулган. Анын ичине бир нече ирет сөгүш берилип, айып изоляторуна киргизилген.

“Соттолуучу А.К. абактын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени, кызматкерлерге карата уят сөздөрдү айтканы жана ички тартипти бузганы үчүн 9-июлда беш күндүк мөөнөт менен айып изоляторуна киргизилген. Соттолуучунн айып изоляторунун киргизилиши камак режимин бузганынын негизинде мыйзамдын чегинде аткарылганын белгилеп коюш керек”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЖАМК Алга Кылычов ден соолугуна байланыштуу пландуу дарылоодон өтүү үчүн №31 абакка беш ирет барып келгенин, жазасын өтөө маалында ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

Алга Кылычовдун жубайы Гүлнур Ниязова 10-июлда күйөөсүнө тамак-аш жеткиргени барып, ал айып изоляторуна киргизилгени тууралуу маалымат алганын 13-июлда “Азаттыкка” айтып берген. Ал бул боюнча ЖАМКдан түшүндүрмө талап кылган.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 2024-жылы Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ушул эле чечимди кийин Чүй облустук соту да күчүндө калтырган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган. Кылычов сот өкүмүнө макул эместигин “Азаттыкка” билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча ишти негизинен Бишкектин Биринчи май райондук соту карады. Ишти кароо 2022-жылы башталып, 2025-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 20 кишиге өкүм чыккан. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотунда каралган.

Алга Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу 2019-жылы кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (ErN)

Дагы караңыз

"Тамчы" инвестициялык долбоору: жаңы мүмкүнчүлүкпү же чоң жоопкерчиликпи? Би-Си-Си: Украинадагы согушта Кыргызстандын кеминде 89 жараны набыт болгонОрусиялык армия Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койдуБишкекте окуучуну тебелеп кеткен айдоочунун күбөлүгү жок экени аныкталды