Экс-депутат Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү сентябрга чейин узартылды

Шаирбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтүн дагы узартып, 16-сентябрга чейин тергөө абагында калтырды.

Соттун басма сөз кызматы тактагандай, мындай өтүнүчтү тергөө тобунун жетекчиси келтирди. Шаирбек Ташиев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

ИИМ Шаирбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп, 1-апрелде кармаган. Ага чейин күбө катары сурак берип жаткан. Алгач ал 15-майга чейин камалып, кийин мөөнөтү 16-июлга чейин узартылган эле.

Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиевдин ишине байланыштуу айрым жагдайларды ачыкка чыгарып, атайын видео жарыялаган. Анда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекет 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экени айтылат.

Экс-депутат жана анын жактоочусу, жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек.

Шаирбек Ташиев камакка алынганга чейин “Азаттыкка” курган маегинде эч кандай мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин, укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп берерин айткан.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. (ErN)

Дагы караңыз

Өкмөт Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз ташып келүү жолдорун карадыИИМ: Көлбаев менен Акматбаевдин тарапташтары катышкан кылмыштын бети ачылдыЖапырт кармалгандардын иши: Султанбеков ачык кароону талап кылды, Атамбаев кыйноого кабылганын айтты