Нарын облусунун Кочкор районунда базарда ур-тепкиге алынган дыйкан менен аны сабаган соодагерлер милициянын катышуусунда жарашты. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
14-июль күнү социалдык тармактарда “Кочкор районунун базарында дарбыз саттырбай байкени уруп салышты” деген жазуу менен видеоматериал жарыяланган. Анда бир нече адам соодагерлердин бирин кууп, сабап жатканы тартылган.
Аталган факты боюнча окуя мыйзамда белгиленген тартипте катталып, жаңжалга катышкан тараптар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Окуянын бардык жагдайлары такталып, териштирүү жүрдү. Тараптар өз ара жарашууга келип, бири-бирине карата дооматтары жок экендигин билдирип, жабырлануучу тосмо арыз жазды.
Учурда окуя боюнча топтолгон материалдар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.
Милиция жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан карманып, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырууда.
Ош шаарында да базарлардын биринде 4-июлда соодагерлер дыйканды сабап салган видео 5-июлда интернетке жарыяланып, ызы-чуу жараткан. Ага кол көтөргөн төрт адам алгач убактылуу кармоочу жайга камалып, кийин үй камагына чыгарылышты.
Ош шаардык мэриясы аталган базарды убактылуу жапкан. Калаа жетекчиси Жанарбек Акаев токмоктолгон дыйканды кабыл алып, ага калаадагы жаңы курулган базардан соода жайын пайдаланууга берди. (ErN)