Аркайыкты калыбына келтирүү ишин музыка таануучу, жаачы, этномузыкант Бактыгүл Абди Жетиген өз моюнуна алган. "Азаттыкка" курган маегинде ал байыркы көчмөндөр кол ойноткон аспап тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
- Бактыгүл айым, колуңузда кармап турган аркайык аспабын жакында элге алып чыктыңыздар. Угушубузча, аны Орозбек Солтобаев баштаган археологдор тобу Ысык-Көлдөгү коргондорду казуу маалында тапкан экен.
- Арыбаңыздар. Археолог агабыз Орозбек Солтобаев үч жыл мурда Ысык-Көлдүн Сары-Тологой айылындагы коргондорду казып жатканда, сөөктүн жанынан жыгач аспап тапкан экен. Ал киши мага чалып, "изилдеп көрбөйсүңбү" деп сунуштап калды.
Археологдордун айтымында, коргондогу сөөк биздин замандын I–II кылымдарына таандык экен. Ошонун негизинде жети кылдуу анан 24 кылдуу эки аркайык жасаттык. Колумдагы жети кылдуу аркайыкты уста агабыз Нурадин Абдразаков арчадан чаап берди. Ал эми 24 кылдуу аркайыкты алтайлык уста Александр Гнездилов кедр жыгачынан жасады. Кедрди Алтайда баркташат экен. Ага кыргыздын оюм-чийимдерин, түндүгүн түшүрттүк. Экөөнү тең быйыл өтө турган Көчмөндөр оюндарында элге тааныштырууга даярдап жатабыз.
- Орозбек Солтобаевдин айтымында, дал ушундай аспап өткөн кылымдын 40-жылдары Алтайдагы коргондон табылган турбайбы. Ошон үчүн 24 кылдуу аркайыкты ал жактан жасаттыңыз окшойт?
- Белгилүү археолог Сергей Руденко 1947-жылы Саян-Алтай өрөөнүндө экспедицияда жүрүп, байыркы коргондон тапкан экен. Аны "Скиф арфасы" деп атап музейге өткөрүп бериптир. Ушу тапта ал аспап Эрмитажда сакталып турат. Ошонун негизинде азыркы алтайлыктар ойногон ядаган аспабы жасалган. Дүйнөдө аны "Алтай арфасы" деп таанышат.
Ядаганды менин устатым, алтайлык кыргыз, төөлөс уруусунан чыккан Ногон Шумаров чертип жүрөт. Ал киши быйыл 79 жашта. Алты жыл мурда жетиген аспабын изилдеп жүргөндө Алтайга барып, ал кишиге жолуккан элем. Жети кылдуу ядаганды кармап сүрөткө да түшкөнбүз. Ногон агай ошондо "Кызым, мен сени көрүп жүрөм. Кыргыздын улуттук аспаптарын сүйүп ойнойт экенсиң. Мына менин колумдагы дагы кыргыздын аспабы, ядаган деп аталат, биз дагы кыргызбыз" деген.
Ошондон үч жыл өткөндөн кийин Ысык-Көлдөгү коргондон аркайык табылганда чалсам, "Мен сени бир күнү байланышат деп күткөм" деп жатпайбы. 24 кылдуу аркайыкты жасоодо Ногон агайдын мээнети зор.
Ал киши аркайык даяр болгондо "Алтайга өзүң келип алып кет" деп чакырып калды. Барсам турган экен, бирок Ногон агай дароо карматпады. Атайын маданият үйүндө элди топтоп, аластап туруп анан колума тапшырды. Кадимкидей эле "Алас, алас, алас, ар балээден калас, ушу турган Айчы кыз кыргызга кут алып баратат, куттуу болсун" деп батасын берди. Алтайлыктар кыз баланы тергеп Айчы кыз деп чакырышат экен. Ногон агай дагы атымдан атабай ушинтип "Айдан түшкөн кыз" деп чакырып жатты.
- Аркайык деген сөз эмнени билдирет экен? Аны Алтайдан башка жакта да чертет бекен?
- Аркайык - алтай тилинде байыркы, ыйык деген маанини берет дешти. Байыркы доордо аспаптын үнү дарылык касиетке ээ деп ишенишчү экен. Адам дүйнөдөн өткөндө жаны тынчтансын деп кошо көмгөнү ошондон тура. 2024-жылы Монголияда да Көчмөндөр оюндары өткөн. Мен ага жетиген чертип, анан ат менен жаа атып катышкам. Ал жерден да ушул аспапты көргөм. "Бул силердин аспабыңарбы?" деп сурасам, "Бул алтай арфасы, биринчи ошол жактан табылган, биз улуттук аспап катары ойноп жүрөбүз" дешкен эле. Негизи эле дүйнөдө музыканын, кылдуу аспаптардын башаты - арфа болуп эсептелет. Алтайдагы, биздин Ысык-Көлдөгү табылгалар бул аспап көчмөндөрдүн мурасы экенинен кабар берет.
- Колуңуздагы аспаптын баш жагы мүйүзгө окшошуп кетет экен ээ...
- Мүйүзгө окшоштуруп жасатканыбыз бекеринен эмес. Кайберен ыйык эмеспи. Бирок мындайнан караганда кеменин дагы элесин берет. Жаага дагы окшошуп кетет. Жааны дагы ушундай кармайбыз, анан тептергесин тартабыз да. Дагы бир карасаңыз башын ийип турган куш сымал. Анткени кыргызда куш таптаган мүнүшкөрлөр бар, гербде шумкардын сүрөтү турат.
Жана айткандай, жети кылдуу аркайыктын жыгачы арчадан. Орозбек агай жүз жылдык арча деп атайын таап келген. Арчанын добушу дагы өрүктөй таза, назик чыгат экен. Капкагы болсо булгарыдан жасалды. Кылын башында ичегиден кылганбыз, кийин жибек жипке алмаштырдык. Анан үн таза чыксын деп Түркиядан буюртма берип атайын манжага ылайык кыл алдырдык.
- Аркайыкта кыргыздын күүлөрүн ойноп көрдүңүзбү, кайрыктар келет бекен?
- Албетте, төп келет. Шаңдуу чертсек да, муңдуу чертсек дагы жүрөгүбүз каалаган добушту чыгарган сыйкырдуу аспап экен. Эртең менен ойгонгондо же эс алып отурганда да чертсе да болот. Чарчаганда ойносоң жан дүйнөң эс ала түшөрүн байкадым. Эң негизгиси, көчмөндөр рухун чагылдырган чыгармалар дагы жакшы чыгат экен. Жакында Көчмөндөр оюндарына карата өткөн сынакта ошондой чыгарманы чертсем уккандардын баарына жакты, жакшы пикирлер айтылды.
Негизи биздин айрым күүлөрүбүз жети кылдуу аспапка да кеңдик кылат. Ошон үчүн 24 кылдуу аркайыкты күүлөрдү гана эмес, бардык чыгармаларды ойнойлу, оркестрге ылайыктайлы деген максатта жасаттык да. Ошол максат менен Новосибирск шаарындагы консерваториянын окутуучусу Татьяна Тарновская менен бир жарым жылдай иш алып бардым. Окуп, тажрыйба топтодум.
Музыканын тарыхын карасак, байыркы доордо аспаптар бир же эки кылдуу болгон да. Замандын өтүшү менен ошол эле арфа жаңыланып отуруп, азыр 70 кылга жетти.
24 кылдуу аркайыкты жасатканда нукуралуулукту сактоого аракет кылдык. Заманбап кылабыз деп бузуп албайлы, башка үндү берген аспап болуп калбасын деп этияттадык. Колумдагы жети кылдуу аркайык жаңы үйрөнүп жаткандарга ыңгайлуу. Ал эми 24 кылдуусу профессионал музыканттар үчүн.
- Буга чейин көчмөндөрдүн жетиген аспабын дагы кыргызда биринчи болуп алып чыктыңыз эле. Азыр анда ойногондор көбөйдүбү?
- 2018-жылы Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюнунда жетигенди алып чыккам. Эми Алтынчы көчмөндөр оюнунда аркайыкты алып чыкканы турам. Бул дагы болсо кудайдын буйругу окшойт.
Мен өзүм "Нур Жетиген" ансамблин түзгөм. Кыска убакытта бир катар эл аралык сыйлыктарды дагы алдык. Азыр ондой шакиртим жетигенди чертип жүрөт. Маданий баалуулуктарды жайылтуу үчүн мамлекеттин колдоосу керек экен. Убагында андай болбой калды. Буга ошол кездеги жагдайлар таасир этти. 2018-жылдан бери өлкөдө бир топ окуялар болуп кетпедиби.
Азыр эми мамлекет акча бөлүп, Маданият министрлиги улуттук баалуулуктарды жайылтууга киришип жатат. Бул жакшы. Анткени дүйнө жүзүнө улуттук баалуулуктарыбыз, тарыхыбыз менен таанылабыз. Максатым - өзүмдү элге таанытуу эмес, кыргыздын унутта калган мурастарын жандантуу, аларды жаш муунга өткөрүү.
- Сиз өзүңүз музыка таануучусуз. Аркайык менен жетигенден башка дагы аспаптар болгон да бизде. "Манас" эпосунда эле керней-сурнай, добулбас ж.б. аспаптардын аталышы бар да. Же ошол эле тактекени бир кезде маркум Нурак Абдрахманов комуз чертип, ойнотчу эле. Ошол аспаптарды дагы жандандыруу ниетиңиздер барбы?
- Бул өтө ойлондура турган маселе. Замандын талабына жараша болот экен баары. Азыр кайсы бир аспапты үйрөнөрдөн мурда "Муну чертип акча таба аламбы?" деп сураган жаштар көп. Эгер тактеке, керней-сурнай чертип эле миң доллар тапса, баары аларды үйрөнө баштамак. Бирок андай эмес экен да. Анан калса улуттук аспапта ойноого дагы талант керек, ал баарына эле берилбейт. Берилген күндө да ошол өнөрдү ыйык тутуп, артынан түшкөндөр аз. Муну мен эмне үчүн айтып жатам? Аркайыкты жасатуу үчүн көп нерседен баш тартууга туура келди. Акча издеп, кайрылбаган жерим калбады.
Тоскоолдуктарга ызаланып, элге көргөзбөй ыйлаган күндөр да болду. Бул жактан акча таппай койгондо баарын таштап Москвага кеттим. Иштен чыктым, үй-бүлөм калды. Адеп барганда дүкөнгө сатуучу болуп орноштум. Ал жерде бир айдай гана иштедим. Ортодо маданий иш-чараларга катышып, комуз чертип, жетиген ойноп, жаа атып жүрдүм. Бир күнү мага сунуш түштү. Москвада кыргыздын маданиятын өнүктүрүү боюнча этнодолбоор бар экен. Ошол кезде ВДНХда жаңыдан ачылып иштей баштаган. Ошол жерге маданий иш-чаралар боюнча менеджер (ивент-менеджер) кылып ишке алышты. Ал жерден кыргыздын боз үйлөрү тигилип, мага кыргыз маданиятын таанытуу милдети жүктөлдү.
Адамдын ниети түз болсо, тилеги сөзсүз орундалат экен. Жааны жаңы ата баштаганда ата-энем, жоро-жолдошторум, үй-бүлөм жактырбай "Ушул сага керекпи, буга кеткен акчага машине албайсыңбы?" деген күндөр болгон. Мен "Бул кыргызга керек, унутта калбашы керек" деп таштаган эмесмин. Москвада жүргөндө ошол өнөрүмдүн пайдасы тийип, көздөгөн максатыма эртерээк жеттим десем болот. Мени жумушка алган Аркадий Чернов өзү орус болсо да кыргыз маданиятын сүйүп, барктаган, кыргыз жарандыгын алган адам экен. Окууга барам, сынакка катышам десем, иш берүүчү катары бирине да каршы чыккан жок. Аркайыкты жасатууга демөөрчү болду. Ал кишинин колдоосу, акчасы менен эки аркайыкты тең элге алып чыктык.
- Демек, музыкалык аспаптарды кайра жандандыруу үчүн коомго филантроп адамдар керек турбайбы?
- Бизнести, пайда табууну көздөбөгөн адам болуш керек. Устатым чыгаан комузчу, ыраматылык Нурзат Орозалиева эле. Бир жолу алаксып, кайрыктарды келтире албай жатсам "Жүрөгүңдү ач, чыгарманы аткарып жатканда аалам кезип жүрүшүң керек. Ошондо гана максатыңа жетесиң. Мен сенин ким болоруңду көрүп жатам, сен ким болоруңду көрбөй жатасың" деген. Комузчу, жетигенчи, жаачы, эки баланын энеси болуп ушул даражага жетишиме Нурзат эжекемдин салымы зор. Музыкалык мектепте комуз черткенди эжейим Наринса Эшалиева үйрөткөн. Алтайлык кыргыз агайым, устатым Ногон Шумаровдун батасы менен эми аркайыкты элге алып чыкканы турам. Орус болсо да кыргызды сүйүп, аркайыкты жандантууга салым кошкон Аркадий Чернов музыкада чек ара болбосун, маданий мурастар адамзаттын орток баалуулугу экенин көрсөттү. Анан мен алыска кеткенде үйдө калып "Апа качан келесиз, сагындым" деп күткөн балдарым дем берди. Эң башкысы кыргыз элимдин колдоосу. Элим болгону үчүн комуз чертилип, жетиген менен аркайыкта ойноп жатабыз да.
Этномузыкант Бактыгүл Абди Жетиген менен маекти видеодон да көрсөңүз болот.
Шерине