Футбол: Испания дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Испаниянын улуттук курама командасы жеңишин майрамдап жатат. АКШнын Даллас шаарындагы AT&T Stadium стадиону. 14-июль, 2026-жыл.

Испаниянын улуттук курама командасы футбол боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында Францияны 2:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

АКШнын Даллас шаарындагы стадиондо өткөн беттеште Испания командасы 22-мүнөттө эсепти ачты. Франциянын коргоочусу Люка Динь испаниялык чабуулчу Ламин Ямалга каршы эреже бузуп, 11 метрлик айып топту испаниялык чабуулчу Микель Оярсабаль таамай тепти. Беттештин 58-мүнөтүндө Педро Порро экинчи голду киргизди.

Испания менен Франция Европанын эң күчтүү курама командалары эсептелет. Бул мелдеште дагы чемпиондукка негизги талапкер катары айтылып жаткан. Учурда испандар Дүйнөлүк футбол уюмунун (FIFA) рейтингинде экинчи орунда турат. Франция болсо рейтингде үчүнчү орунда. Франция 1998-жылы жана 2018-жылдагы дүйнө чемпионатын уткан. Испания 2010-жылы чемпион болгон.

Испания командасы Францияны удаасы менен үчүнчү ирет жеңүүдө. 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жарым финалында француздар утулуп калган. Өткөн жылы Улуттар лигасынын финалында дагы испандар жеңишке жеткен болчу.

Бүгүн жарым финалда Англия менен Аргентина беттешет. Алардын жеңүүчүсү менен Испания финалда беттешмекчи.

11-июнда башталып, 19-июлга чейин улана турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Финалдык беттеш 20-июлга караган түнү болот. (AbA)

Дагы караңыз

Репрессия: үч мерте жазаланган Жанузактын уулдарыЖунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексин кемчиликтерди оңдогонго чейин жабууну тапшырдыАКШда сенаторлор тобу Орусияга каршы санкция мыйзамын даярдоодоБишкекте окуучунун өлүмүнөн кийин транспорт кызматкерлерине иш козголду