№27 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан акын Аскат Жетиген өзүнүн жактоочусуна кат жазып, абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанды.
15-июлда жазылган катты укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акындын адвокатынан алганын айтып, “Азаттыкка” жиберди.
Катта Аскат Жетиген абакта адам укуктарына каршы аракеттер болуп жатканын билдирди.
“Мекеме кызматкерлеринин көбүнүн соттолгон жарандарга болгон мамилеси адеп-ахлакка жана укуктук ченемдерге таптакыр дал келбейт. Ар-намыска, абройго шек келтирүү – кадимки көрүнүш. Оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, өз таламын талашкан жана укугун коргогон жарандарга катаал чаралар көрүлүп, аёосуз ур-тепкиге алуу менен соттолгон жарандарды өз кулундай эзип келатышат! Буга ушул жылдын июлундагы тикмечилер бөлүмүндөгү жарандар жети айдан берки ала албай жаткан айлык акысын талап кылганы үчүн мекеме башчысы Мирбек Шаршенбеков тарабынан катуу сабалганы далил боло алат. Ошондой эле белгилүү саясатчы Алга Кылычов аброюна шек келтирген кызматкерге каяша айтканы үчүн 5 суткага айып изоляторуна жабылганы да так далил”, – деп жазды ал.
Аскат Жетиген ички тартипке ылайык камактагылар күнүнө эки ирет чуркоого милдеттүү болсо азыр үч ирет, же беш ирет мажбурлап чуркатылып жатканын кошумчалады. Ал оорулууларга дары-дармек колдонууга керектүү шарттар жаратылбаганын белгилеп, жеке өзү ооруп жатканы жөнүндө медициналык тастыктаманы ала албай койгонун кошумчалады.
Адвокат Нурбек Токтакунов Аскат Жетигендин өзү менен жолугуп келгенин "Азаттыкка" билдирди.
Нурбек Токтакунов
"Ахыбалын айтып берди. Бутунда оорусу бар экен. Бирок негизинен оорусу эмес, колониядагы аша чапкандык болуп жатканын айтты. Эркинен ажыратуунун өзү оор жаза. Мисалы, беш жылдыздуу мейманканада болсо да камакта кармоо оор. Анын үстүнө кыйнап, ар-намысты түшүрүп, сабап, сөгүп, чуркатып жазалоо болбойт. Кылмышкерди эркинен ажыратса болот, бирок ар-намысына шек келтирүү туура эмес. Тамагы аябай начар экен. Мамлекет жоопкерчиликти өзүнө алган соң бюджетте каралган беренеге ылайык тамактанууну уюштурушу керек. Дарысын бериши керек. Мисалы, Алга Кылычев экинчи топтогу майып экен, инсульт болгон, диабет, ал режим боюнча тамактануусу зарыл, чуркатпаш керек. Аскат айтып бергендей, аны бирөө сөксө айтыша кеткени үчүн айып изоляторуна камап салыптыр".
Жактоочу мурда жабык жайлардагы абалга сырттан көзөмөл жүргүзүлүп турганын, бирок азыр грант бөлүнбөй, укук коргоочулардын да иши чектелип, эч ким мониторинг жүргүзбөй калганын айтты. Буга президент өзү көңүл бурушу керектигин белгиледи:
"Колониянын башчысы да, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси да Садыр Жапаровду алдап, туура маалымат жеткирбей жатат".
Жалпысынан, Токтакунов кошумчалагандай, абак системасынын ишине парламенттик да, жарандык да көзөмөл болушу туура:
"Чачын алдыруу деле туура эмес. Анткени кажет жок, жөн эле кыска алдырып койсо болот гигиена үчүн. Кадыр Атамбаевди кыйнап, гигиенасы жок устара менен чачын алышканы тууралуу маалымат чыккан. Андай болбойт. Тамагы, медициналык-санитардык жактан камсыздап бериши керек. Бюджеттин корголгон беренеси катары каралып, Жогорку Кеңеш, эл көзөмөл кылып турушу шарт. Мына, дарыгерге кайрылса жардам беришпегенин Аскат айтып жатат. Буту ооруп жатат, балким, ревматизм".Акын Аскат Жетиген 12-июлда да абактан кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин, акыркы убакта башы ооруп жатканын билдирген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 13-июлда буга жооп берип, акындын “саламаттыгы канааттандырарлык экенин, медициналык бөлүмгө ден соолугу боюнча даттануу менен кайрылбаганын” билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетигендин 15-июлдагы катына байланыштуу жооп жазып, андагы айыптоолорду төгүндөдү. Мекеме билдирүүсүн “Азаттыкка” жиберди.
“№27 түзөтүү мекемесинде тигүү өндүрүшүндө иштеген соттолгондор “жети айдан бери эмгек акы албай жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекеменин тигүү цехинде соттолгондор өз каалоолору менен жеке арыздарынын негизинде эмгектенишет жана эмгек акысы өз убагында төлөнүп келет. 2026-жылдын апрель айынын башында аталган цехте иштеген соттолгондорго банктык төлөм карталары берилген. Учурда алардын эмгек акысы белгиленген тартипте жеке банктык эсептерине которулууда. Мекеме башчысы тарабынан соттолгондорго күч колдонулуп, сабалган деген маалымат да чындыкка дал келбейт. [...] Күн тартибине ылайык, соттолгондор үчүн күнүнө эки жолудан ашпаган сейилдөө жана саптык басуу уюштурулат. Ошондуктан соттолгондорду күнүнө үч же беш жолу чуркоого мажбурлашат деген маалымат да жалган”, – деп айтылат билдирүүдө.
ЖАМКнын жообунда Аскат Жетиген 29-июнда эки буту ооруп жатканын айтып мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылганы, медициналык кызматкерлер ага кароо жүргүзүп, тиешелүү дарылоо дайындап, белгиленген дары-дармектерди бергени айтылат.
“13-июлда Аскат Жетиген медицина кызматкерлеринен кечки сейилдөөгө чыкпоого уруксат берүүчү маалымкат талап кылган. Медициналык кызматкерлер ага алгач медициналык кароодон өтүү зарылдыгын түшүндүрүшкөн. Бирок ал текшерүүдөн өз ыктыяры менен баш тартып, медицина бөлүмүнөн терс мүнөзүн көрсөтүп, чыгып кеткен. Ошондуктан ага медициналык жардам көрсөтүлгөн жок же медициналык маалымкат берилген жок деген маалымат чындыкка дал келбейт”, – деп белгиленет Жаза аткаруу мекемесинин маалыматында.
Дагы караңыз
"Башым көп ооручу болду". Аскат Жетиген абактан кат жаздыЖарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”)негизинде.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган.
Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.
Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.