Украина Орусиянын "көмүскө флотунун" дагы 13 кемесин жарактан чыгарды

Азов деңизи. Украиналык дрон тийгенден кийин күйүп жаткан орус кемеси.

18-июлга караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Кара жана Азов деңиздеринде Орусиянын "көмүскө флотунун" 13 кемесин, анын ичинде жүк жана газ ташуучу танкерлерди, сүйрөөчү кеме менен эки калкыма кранды талкалады. Бул тууралуу өлкөнүн Учкучсуз системалар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди билдирди.

Анын айтымында, 6-18-июль аралыгында жалпысынан орус "көмүскө флотунун" 172 кемеси (118и Азов деңизинде, 54ү Кара деңизде) жарактан чыгарылды.

"Максаты: санкцияларды айланып өтүп мунай, күйүүчү май, жүк ташуу логистикасын токтотуу", - деп белгиледи Бровди.

"Азаттыктын" украин кызматы билдиргендей, Киев 2014-жылы Орусия аннексиялап алган жана Украинанын азыркы аскердик операциясы башталгандан бери энергетикалык ресурстардын жетишсиздигин башынан кечирип жаткан Крым жарым аралын обочого алуу аракетин көрүүдө.

Дагы караңыз

"Табият көп кишини көтөрө албайт". Туризм саясатын өзгөртүү керекпи?Орусиянын бир нече аймагына дрон чабуулу коюлдуЖапаров 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келгенин айттыМай куючу жайларда АИ-95 бензини кескин кымбаттап, дээрлик 110 сомдон сатылуудаӨКМ: Быйыл алты айда ар кандай кырсыктан 24 адам каза болду