FT: Зеленский башкы командачыны алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Федоровдун отставкасына каршы акция. Киев, 16-июль, 2026-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийди кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын Financial Times басылмасы өз булагына таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, ушул дем алыш күндөрү Зеленский аскердик командирлер менен жолугуп, фронттогу кырдаал боюнча алардын баасын угат жана башкы командачы кызматына талапкерлер менен сүйлөшөт.

Булак билдиргендей, эгерде фронттун коргонуу жөндөмүн сактоо менен жетекчиликти үзгүлтүксүз өткөрүп бере ала турган ылайыктуу талапкер табылса, Зеленский Сырскийди кызматтан бошотууга даяр.
Апта башында Украина президенти коргоо министри Михаил Федоровду кызматтан алган. Бул чечим Киевде жана өлкөнүн башка шаарларында нааразылык акцияларын жараткан.

Федоров кызматтан алынгандан кийин Сырскийди кескин сынга алып, өзүнүн кызматтан кетишин дал ушул башкы командачы талап кылганын билдирген. Ошондой эле ал Сырскийди жана Башкы штабдын башчысы Андрей Гнатовду алмаштырууну сунуштаганын айткан.

Financial Times белгилегендей, Федоровдун кызматтан алынышына каршы чыккан нааразылык акциялары кийинчерээк Сырскийге каршы кеңири кампанияга айлангандан кийин Зеленский анын кызматтан кетирүү жөнүндө ойлоно баштаган.

Ушул жумада Зеленский журналисттерге Федоров менен Сырскийдин ортосундагы мамиле ушунчалык начарлап кеткенин, алар бири-бири менен түз сүйлөшпөй калганын, президент өзү ортомчу болгондо гана байланыш түзүлөрүн билдирген.

35 жаштагы Михаил Федоров украин армиясын технологиялык жактан жаңылоонун жана учкучсуз системаларды өнүктүрүүнүн негизги демилгечилеринин бири катары белгилүү. Анын тарапкерлери украин аскерлеринин айрым ийгиликтерин анын жүргүзгөн реформалары менен байланыштырышат.

Федоров Украинанын Коргоо министрлигин 2026-жылдын январь айынан бери жетектеп келген.

Дагы караңыз

Wildberries'тин кампасындагы өрт: Сегиз киши каза тапты, кыргыз жараны ооруканага түштүМай куючу жайларда АИ-95 бензини кескин кымбаттап, дээрлик 110 сомдон сатылуудаЧүйдө жана Бишкекте ысыктан улам электр эки сааттан өчөрү эскертилдиТИМ Москвадагы өрттө документсиз калган кыргыз жарандарын элчиликке кайрылууга чакырды