Айбек Шамшидин уулу Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды

Айбек Шамшидинов.

32 жаштагы Айбек Шамшидин уулу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим 18-июлда Бишкекте федерациянын курултайында кабыл алынды.

Федерациянын маалыматына ылайык, курултайга 100дөн ашуун делегат катышты. Алардын арасында спорт ардагерлери, оюнчулар, машыктыруучулар, калыстар, аймактык федерациялардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары болду.

Жыйында федерациянын мурдагы президенти Акылбек Эшимовдун башка жооптуу кызматка дайындалганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызы каралып, канааттандырылган.

Акылбек Эшимов быйыл февралда аталган федерацияга президент болуп шайланган.

Июль айынын башында Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы Акылбек Эшимов Кыргыз этноспорт ассоциациясынын президенти болуп дайындалганын билдирген.

Айбек Шамшидин уулу буга чейин "Достук" көк бөрү командасын жетектеп келген.(ZKo)

Дагы караңыз

FT: Зеленский башкы командачыны алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жататWildberries'тин кампасындагы өрт: Сегиз киши каза тапты, кыргыз жараны ооруканага түштүМай куючу жайларда АИ-95 бензини кескин кымбаттап, дээрлик 110 сомдон сатылуудаЧүйдө жана Бишкекте ысыктан улам электр эки сааттан өчөрү эскертилдиТИМ Москвадагы өрттө документсиз калган кыргыз жарандарын элчиликке кайрылууга чакырды